Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:24

Чек ара кризисин чечүү жолдору


"Чек арада оор курал колдонулуп, кризис курчуп кетти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

АКШдагы Техас университетинин профессору, Борбор Азия боюнча изилдөөчү Эдвард Лемон "Азаттыкка" маек куруп, соңку чек ара чатагынын ырбап кетишине түрткү берген жагдайлар тууралуу өз ою менен бөлүштү.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймагындагы ок атууну толук токтуу жана аскерлерди чек ара тилкесинен алып чыгып кетүү келишимине жетишти.

Ага чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен тажик президенти Эмомали Рахмон эки жолу телефондон сүйлөшүп, абалды жөнгө салууну макулдашкан.

Жакынкы коңшу мамлекеттер, эл аралык коомчулук жаңжалды тынчтык жол менен чечүүгө чакырышты.

Эксперттер бир күндүк согуш катары сыпаттаган чек ара чырынан кыргыз бийлиги кандай сабак алышы керек? Мындан аркы кадамдар кандай болууга тийиш?

Биз кыргыз-тажик чек арасындагы кризисти чечүүнүн жолдору, кечиктирилбей кабыл алынчу чечимдер тууралуу адистердин, коомдук ишмерлердин пикирин чогулттук.

Экс-премьер-министр Темир Сариев:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

"Биринчи биз бир нерсени тактап алышыбыз керек. Биздин элибизге, жерибизге кол салуу болду. Андан биздин жарандарыбыз каза болду. Эми мамлекеттик органдар бардык материалдарды даярдап, фактыларды чогултуп, аларды документтештирип туруп анан кошуна мамлекетке айтыш керек. Анткени бул жолу алар талаш болгон, такталбаган кээ бир учурларда чыр чыккан аймактарга эмес биздин жерлерге кирип келди. 20 миңден ашык киши үйлөрүн таштап башка айылдарга чыгып кетүүгө аргасыз болду. Үйлөр талкаланып, талоончулук болду. Абдан чоң моралдык, материалдык зыян келтирилди.

Биз мунун баарын эл аралык эрежеге ылайык жөнгө салышыбыз зарыл.

Экинчиден, чек ара маселесин чечиш керек. Бул өтө кылдат мамилени талап кылат жана ал кыйкырык менен чечилбейт. Бул жолку окуя өзүн адис катары көрсөтүп кыйкырган жарандарга, мамлекеттик кызматта иштеп жаткан адамдарга да сабак болушу керек.

Чек араны чечүүнүн жолу бар. Чек арадагы тилкени бекемдеш үчүн эки тарап тең макул болуш керек. Ал үчүн эл ишенген күчтүү бийлик болушу керек. Чек араны жөнгө салууда бир жагы бир тарапка, экинчи жагы башка тарапка чечилет. Жерди алмашууга туура келет. Бардык эле жер бир тараптын пайдасына чечилбейт. Бирок ага эл ынангандай болуш керек. Азвр эми биз ички ынтымакты сактайлы. Эми кошуна өлкөнүн аскерин аймактан чыгарып баштапкы кылыбына келиши керек. Анан сөзсүз түрдө бул боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт деп ойлойм. Комиссия ушундай абалга эмне болуп келип калдык, кандай мүчүлүштүктөр кетти, кандай чечимдер кабыл алынбай калган аныкташы зарыл. Булар кийинки кадамдар. Азыр болсо бийликке жардам берип абалдан чыгалы".

Саясатчы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

"Акыркы эки күндөгү маалыматтарга караганда, Тажикстан бул окуяга катуу даярданышкан. Бул чек арадагы жөнөкөй чатак эмес. Бул – терең даярдык менен чек арадагы жана андагы талаш жерлерди, эң негизгиси Ворух анклавын согуш, күч менен чечебиз деген аракети окшойт.

Тажикстан эми токтобойт. Алар Ворухка жол ачып ээлеп алышса, биз дүйнөлүк коомчулукка кайрылып 10 жылдап жүрө беребиз. Булар мына ушундай жолду тандап алышты. Ошондуктан “эки өлкөнүн президенттери сүйлөшүп жатат” дегенге карабай күч, аскер топтош керек. Түркияга кайрылып, бейучкуч учактарды сурап, алардан аскер кеңешчилерин алса болот. Тажикстанга жеткиликтүү, катуу жооп болбосо тажик тарап койгон максатына жетмейинче токтобойт өңдүү.

Коңшу жашаган кыргыздарды атып, тоноп, аларды көчүп кетүүгө мажбур кылганга аракет кыла беришет. Алар “маселени дипломатиялык жол менен чечүү керек” деп айта берет. Бирок ниети башка. Аймактарга кирип алып 50 жыл, 100 жыл дипломатиялык жол менен сүйлөшүп отура беришет. Ошондуктан кыргыз бийлиги өзүн колуна алып чымырканып, жоопкерчиликти моюнга алыш керек. Кырдаалга реалдуу баа берип, реалдуу иш жасабаса болбойт".

Атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн негизинде аскерлерин, техникаларын артка тартып, согушту токтотуу тууралуу келишимге жетишти. Кыргызстан ошол келишимди аткарып ок чыгарбай турат. Ал эми тажик тарап андан кийин деле айыл-кыштактарды аткылап, үйлөрдү өрттөдү. Ушул окуянын баары колунда куралы бар жөнөкөй тажик жарандары тарабынан да жасалууда.

Биздин бийлик болуп жаткан окуялар боюнча далил видеолорду көрсөтүп, тажик бийлигин маселени чечүүгө чакырышы керек. “Жарандарыңардан курал-жарактарды алгыла” деп айтышы керек. Эртең биздин да балдар колуна курал алып согушка барбайт деген кепилдик жок. Тажикстандын жарандары эмне үчүн Кыргызстандын жарандарынын үйлөрүн өрттөп жатат, өз өлкөсүнүн желектерин илип, өрттөлгөн үйлөрдү түрттүргөнү - бул бизге белгисиз".

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова:

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

"Эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин гана ок атуу токтойт. Биз кечээ эле абал өтө курч делген Миң-Булак, Көк-Таш айылдарына, “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына, андан ары Ак-Сайга чейин барып келдик. Бул аймактарда азырынча абал тынч. Эки өлкөнүн башчылары сүйлөшүп, ок атышууну эле токтотуп берсе калган маселелер акырындык менен чечиле бермек. Бирок азыр курчуп кеткен маселе президенттердин деңгээлинде гана чечилет.

Азыр Кыргызстан менен Тажикстанда бири-бирине болгон ишеним жок болуп атат. Эки тарап тең өз аймагында аскерин күчтөп турат. Бири-бирине ишеним болгондо гана иш алдыга жылат. Ал үчүн эки мамлекеттин президенттери биргелешкен кайрылуу жасашы керек. Президенттердин телефондон сүйлөшүүсүнөн жыйынтык чыкпайт. Алар Бишкекте же Дүйшөмбү шаарында эмес, нейтралдуу аймакта жолугуп, кол алышып сүйлөшкөндө гана чыр токтойт".

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

"Кыргызстан менен Тажикстан протоколго кол коюп, чек арада бирге күзөт кылуу, ок атышууну токтотууну сүйлөшкөнү менен тажик тарап бул шартты бузуп жатат. Ошондуктан азыр абал тынч болбойт. Демек Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кайрылышы керек. Бул уюмга Кыргызстан менен Тажикстан экөө тең мүчө болгондуктан ЖККУ эки өлкөнүн бирине жан тарта албайт. Бирок эки мамлекеттин чек арасында ок атылып, чыр чыкпашы үчүн тынчтыкты сактап берсе болот. Муну менен биз Баткендин чыр чыккан айылдарынан качып кеткен адамдарды кайра үйлөрүнө кайтырып, там-турагын калыбына келтиребиз. Азыр согуштун кереги жок. Согуш бизге эч нерсе бербейт.

Экинчиден, Тажикстан Кыргызстандын айылдарында эмне кылганын, бул иш эмнеден келип чыкканын иликтөө үчүн биз эл аралык уюмдарга кайрылышыбыз керек. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) реакция кылбаса, анда биз Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) жардам сурашыбыз керек. Бирок бул көп убакытты алат. Ал эми ЖККУнун аскерлери тез эле жетип келет. Азыр мына ушул эки маселени чечиш керек болуп турат".

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

"Чек ара кризисин чечүү үчүн комплекстүү көп тараптуу чечимдерди кабыл алыш керек жана аны аткарыш керек. Биринчиси - Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык каналдар аркылуу Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү уланта бериши зарыл. Биз Тажикстан менен мүчө болгон ЖККУ жана Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) сыяктуу уюмдар менен иштебесек болбойт. Андан тышкары бир тууган элбиз деген Өзбекстанды, Казакстанды жана Орусияны чек ара боюнча сүйлөшүү процессине аралаштырышыбыз керек. Ошондой эле эл аралык уюмдар менен да сүйлөшүү жүргүзүү зарыл. Бирок бул иштерди алдын ала жакшы пландап, системалуу түрдө аткарбаса болбойт.

Экинчиден, эми ички саясатта бийлик коомчулук менен, чырдан жабыркаган эл менен иштеш керек болуп турат. Себеби, азыр коомчулукта нааразылык көп болуп жатканда чек ара маселеси да чыкты. Андыктан элди ынтымакка, биримдикке чакырыш керек. Дипломатиялык, саясий иштер менен кошо куралдуу күчтөрдү да күчтөндүрүү талабы бар.

Анткени “тынчтыкты кааласаң согушка даяр бол” деген сөз бар. Биздин алсыз жагыбызды көрсө, коңшулар биз менен жакшы сүйлөшпөйт. Бизди алдап туруп өз максаттарына жеткенге аракет кылат. Ошондуктан бийлик улуттук биримдикке алып келүү боюнча көп иштерди жасашы керек".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 28-апрелде башталып 1-майга чейин созулган чырдын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажик бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 15 киши каза болгонун маалымдашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG