Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Отунбаева абалды курчутуп албаш үчүн элди сабырдуулукка чакырды


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева элди биримдикке, сабырдуулукка чакырды.

“Ар бирибиз аракет кылалы. Жапа чегип, жабыр тарткан мекендештерге кол суналы. Мекемелер, жамааттар, коомдук уюмдар, алардын ичинде биздин фонд да ушул күндөрү тынбай Баткенге гуманитардык жардам жиберүүдө. Атышуу токтосо өрттөлгөн, кыйраган имараттарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү абзел. Баткен сөзсүз гүлдөйт! Элибиздин бакубат жана тынч жашоосун камсыздоо ар бирибиздин милдетибиз”, - деп жазылган Роза Отунбаеванын кайрылуусунда.

Экс-президент жаңжалга бир беткей баа берүүдөн жана айып тагуудан карманууга, сабырдуулук менен иш алып барууга чакырды.

"Учурдагы окуялар эки мамлекеттин ортосунда, эл аралык мүнөздө болуп жатат. Ошондуктан абалды мындан ары да курчутуп албаш үчүн ачык айтылбай турган, көшөгөнүн артында сүйлөшүлө турган иштер болот. Учурда мамлекет жетекчилиги, өкмөт жана дипломатиялык корпус жигердүү аракеттерди жасап жатат. Өз тажрыйбама таянып колумдан келишинче көмөк көрсөтүп жатам. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулукка туура маалымат берилип, түзүлгөн кырдаалды элге туура түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бирок азыркы кырдаалды сырттан бирөө келип эки элдин ортосундагы чырды бир күндө эле чечип коюшат дегендер жаңылышат. Кыргыз жана тажик элдери сүйлөшүү жолу менен тил табышат”, - деп айтылат кайрылууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталып, 29-30-апрелде уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Чек ара кызматы 2-май саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.

Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун биргелешкен комиссиясы Баткен районунун Ак-Сай айылында ишин улантууда.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG