Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Баткен: Чек ара тилкесинен кошумча күчтөр алына баштады


Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы.
Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын 2-май, саат 9.30дагы маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Өткөн түнү чыр-чатак жана ок атуулар катталган жок. Ош-Баткен-Исфана автожолундагы транспорт кыймылы үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Тараптар чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана каражаттарды ала баштады. Эки өлкөнүн ортосунда ок атууларды токтотуу жана аскерлерди чыгаруу боюнча 1-майда түзүлгөн келишимди ишке ашыруу комиссиясынын ишин кыргыз тараптан УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев координациялап жатат.

Кыргызстандын Чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы кабарланды. Баткенде түн тынч өткөнүн облустук милиция да ырастады.

Расмий маалыматка караганда, Баткен облусунда 29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 173 кишиге жетти. 34 киши каза тапты. 20-миңдей адам үй-жайын таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болду. Кыргызстанда 1-2-май каза тапкандарга аза күтүү күнү жарыяланган.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 15 жаран каза болгонун жазды. ММКлар 90 адам жараат алганын билдиришүүдө. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG