Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Британиянын элчиси Кыргызстанга көңүл айтты


Британиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Чарлз Гаррет Баткендеги кандуу окуяларга байланыштуу Кыргызстанга н көңүл айтты.

Ал "Твиттердеги" баракчасына жазган катында Британиянын ханышасы менен өкмөтүнүн атынан чек арада каза тапкандардан улам кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 173 кишиге жетти. 34 киши каза тапты. 20-миңдей адам үй-жайын таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болду. Кыргызстанда 1-2-май каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 15 жаран каза болгонун жазды. ММКлар 90 адам жараат алганын билдиришүүдө. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG