Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

"Жаңжалдын алдын алууга эрк жеткен жок"


Көк-Таш жана Ходжаи Аъло тургандарынын ортосундагы чатак, 28-апрель 2021-жыл.
Көк-Таш жана Ходжаи Аъло тургандарынын ортосундагы чатак, 28-апрель 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ондогон адамдардын өмүрүн алган соңку жаңжалдын себептери жана сабактары тууралуу Борбор Азия боюнча эксперт, АКШдагы Техас университетинин профессору Эдвард Лемон "Азаттыкка" маек курду.

- Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында буга чейин да бир топ чыр-чатактар чыккан. Бирок бул жолку жаңжалдын курчуп кетишин сиз эмне менен байланыштырасыз?

- Бул чек арадагы эң олуттуу окуялардын бири болуп калды окшойт. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында утур-утур чыр-чатак чыгып келгени белгилүү. Жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргыткан, айрым учурда чек арачылар атыша кеткен учурлар маал-маалы менен катталып турган. Албетте, бул жолку окуялар боюнча эки тараптан тең түрдүү айың кептер келип жатат. Бирок миномёттор жана башка оор курал-жарактар колдонулганын, анын кесепетинен жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын көрүп жатабыз. Кризис курчуп кетти.

Албетте, бул кризистен тамыры бир топ татаал маселелерге барып такалат. Чек ара тилкелери такталган эмес. Эки тарап Советтер Союзу ыдырагандан бери келе жаткан чек ара маселелерин тактоого киришкенде эки тарапта тең түрдүү ушак-айыңдар тараганын көрдүк. Тажик тарапта “Ворух анклавы башка жерге алмашылат экен” деген сөздөрү тарады. Бир нече апта мурда тажик президенти Рахмон бул сөздөрдү жокко чыгаруу үчүн Ворухка барганын билебиз. Соңку жаңжалга суу бөлүштүрүүчү жайдан чыккан пикир келишпестик себеп болду. Бирок кырдаал тездик менен курчуду.


Тажик тараптан маалымат аз чыгып жатат. Мисалы, жабыркагандардын так санын алигиче билбейбиз. “Озоди” радиосу өздөрү чогулткан маалыматтардын негизинде алардын санын аныктаганга аракет кылып жатат. Бирок колдо бар далилдер менен “тажик тарап кырдаал курчуп кетерин күткөн” деп айтсак болот. Алар муну атайын пландап-пландабаганын так айтуу кыйын. Бирок жакында Рахмон чек ара аймагына барганын билебиз. Чек ара күчтөрүн көзөмөлдөгөн Коопсуздук комитетинин төрагасы Ятимов да бул аймакка бир нече жолу барып келген.

Тажикстандагы биз байланышкан адамдар “өлкөдө Кыргызстан менен жаңжал болот” деген айың-кептер бир нече аптадан бери тарап жатканын айтышты. Башка далилдердин негизинде тажик тарап бул окуяга аралашкан айрым адамдар кыргыз чек арасына жакын арада гана барышканын айта алабыз. Андыктан “тажик тарап бери дегенде кырдаалдын курчуп кетерин күткөн жана андан пайдаланып бул операцияны жүргүздү” деп айтууга орчундуу далилдер бар.

- Кайсы бир өлкөдө бийликтин алмашуусу коңшулар менен узак убакыттан бери келе жаткан маселелерди чечүүгө жардам бериши мүмкүн. Мисалы, бир нече жыл мурда Өзбекстанда бийликтин алмашканы Кыргызстан менен чек ара маселелерин алдыга жылдырууга шарт түзгөн. Кыргызстандын жаңы бийлиги менен Тажикстандын жетекчилиги чек арадагы абалдын чыңалышын эмне үчүн алдын ала алышкан жок?

- Сиз айткандай, Кыргызстандын президенти жаңы ишке киришти. Садыр Жапаров кайсы бир деңгээлде популист жана улутчул риторикасы менен белгилүү. Бирок мындай мүнөздөмө анын соңку аракеттерине таандык эмес. Расмий түрдө эки президент тең кырдаалды ырбатпоого аракет кылып жаткандай болду.

Менимче, чек араны чечебиз деп так датаны аныктоо аракетинин өзү жергиликтүү эл арасында чыңалууга себеп болуп койду окшойт. “Жыйынтыгы кандай болот? Ким утушка ээ болот? Ким утулат?” деген суроолор жаралды. Чек араны чечүү тууралуу жарыянын өзү жана сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдыруу аракети бул окуяларга жол ачып койду деп ойлойм.

Мен айтып өткөндөй, тажик тарапта бул окуяны алдын алууга эрк жеткен жок. Себеби бул кайсы бир деңгээлде алар үчүн күтүлгөн окуя болду жана сүйлөшүүлөр кайра жандангандан бери коопсуздук күчтөрү пландап жүргөн жагдай болду окшойт.

- Кыргызстандын жаңы бийлик өкүлдөрүнүн, өзгөчө Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айрым билдирүүлөрүнөн кийин кыргыз-тажик чек арасында кайсы бир деңгээлде чыңалуу байкалганы кабарланган. Сиздин оюңузча, кыргыз өкмөтү бул чыңалууга жетиштүү көңүл бурдубу? Кырдаалды турукташтырууга аракет жасадыбы? Мындан тышкары Тажикстандын бийлиги пикир келишпестиктерди тынч жол менен чечүүгө кызыкдар болдубу?

- Камчыбек Ташиев, биз билгендей, кайсы бир деңгээлде шыкакчыл саясатчы. Мурдагы ишмердигин карап туруп, аны агрессивдүү адам деп мүнөздөсө болот. Ал шыкактоочу сөздөрдү айтканы белгилүү. Андай сөздөр маселени чечүүгө көмөктөшкөн жок.

Ошол эле учурда Тажикстан Коопсуздук комитетинин башчысы Ятимов бул кызматта узак убакыт, 10 жылдан ашык убакыттан бери отурат. Ал Тажикстанда бийликтин кийинки мураскерге өткөрүлүшү тууралуу маселеде өзүнүн сценарийи бар адам.

Ким соңку окуяларга себеп болгонун айтыш кыйын. Бирок жогорудагы эки адамдын сүйлөшүүлөрдө айрым маселелерде тил табыша албаганы, кайсы бир деңгээлде чыңалууга өз салымын кошту деп айтса болот.

- Жакында тажик президент Рахмон Ворух анклавына барып кеткени, Камчыбек Ташиевдин бул анклавды башка жер менен алмашуу сунуштаганы белгилүү. Келечекте тажик-кыргыз чек арасындагы талаштуу маселерди тынч жол менен чечүүнүн, орток пикир табуунун жолдорун сиз кандай элестетесиз?

- Бул кыйын суроо. Чек арада чыңалуу узак жылдардан бери уланып келе жатат. Мадлин Ривз сыяктуу изилдөөчүлөр чек арада коопсуздуктун жана көзөмөлдүн күчөтүлүшү тескери натыйжага, Совет мезгилинде тынч жашап келген элдин ортосундагы ажырымдын көбөйүшүнө алып келгенин айтышат. Чек арачылардын соңку бир нече күн ичинде болгон кейиштүү окуяларга аралашканынын да дестабилдештирүүчү таасири бар.

Чек ара сүйлөшүүлөрүнө жергиликтүү элге сөзү өткөн адамдарды катыштыруу - эки тараптын коопсуздук кызматтарынын риторикасын эмес, элдин муктаждыктарын алдыңкы планга чыгарууга, маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Тилекке каршы, кечээги кейиштүү окуялар, өзгөчө кыргыз тарапта 12 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү өтө көп кыжырданууга себеп болду. Тажик тараптагы социалдык тармактарда да улутчул, карама-каршылыкка түрткөн риторика жаралды.

Эми эмне болорун айтыш кыйын. Аскерлердин артка кайтарылышы менен тынч мезгил башталат деп үмүттөнөбүз. Албетте, бул чыңалуулар кала берет. Жараат тез арада айыга койбойт.

- Чек ара чатактары баңгизат трафиги, кайсы бир күчтөрдүн болжолдуу ролу өңдүү жоромолдор менен коштолуп же байланыштырылып келет. Президент Садыр Жапаров да соңку билдирүүсүндө кайсы бир “чагымчыл аракеттер” тууралуу сөз кылды. Аймактагы буга чейинки чек ара чатактарын эске алганда, соңку окуяларда кайсы бир башка күчтөрдүн ролу бар деп ойлойсузбу?

- Азыр так айтыш кыйын. Мурда боло келгендей, тажик тараптан маалымат жетишсиз болуп жатат. Тажик өкмөтү көз карандысыз маалымат жеткирүү жолдорун чектөө маселесинде катаал позицияны карманып келет. Журналисттер кармалып, аларга окуяны чагылдырууга уруксат берилген жок. Андыктан тажик тараптан эмне болуп жатканы жөнүндө маалымат алуу абдан кыйын. Кыргыз тараптан да ушундай болду деп ойлойм.

Эки тараптан тең ар кандай айың-кептер, карама-каршылыктуу маалыматтар тарап жатты. Алардын айрымдары башка өлкөлөрдө, башка убакта болгонун билдик. Андыктан азыркы тапта үчүнчү же башка бир күчтөр, кылмыштуу топтор аралашты деп айтуу кыйын.

Баңгизат трафигин жана аткезчиликти эске алганда мындай болушу да мүмкүн. Так айтууга эрте. Мунун жообун билбей деле калышыбыз мүмкүн.

- Себептер жана кызыкчылыктары кандай болсо да соңку чек ара жаңжалынан эки тараптан тең адамдардын өмүрү кыйылганы анык. Жаңжалдан карапайым адамдар жабыр тартып жатышат. Сиздин оюңузча, эки тарап тең соңку чек ара жаңжалынан кандай сабак алышы керек?

- Сиз айткандай, бул жерде чыныгы жабыркаган тарап – бул жергиликтүү жамааттар. Өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө. Жер которууга аргасыз болгондордун масштабы да орчундуу. Мындай жагдайлардан улам соңку чек ара чатагы мурдагыларынан айырмаланып турат. Курман болгон аскерлер да жаш экенин көрүп турабыз. Алар да бул жаңжалда өмүрүнөн айрылууга татыктуу эмес болчу.

Мурда боло келгендей, аймактагы чыр-чатактарда эң көп жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү жабыркашат. Алар тынчтык ичинде жашоонун жолдорун табууга, чек арадагы суу, жайыт өңдүү маселерди чечүүгө кызыкдар. Алдыда айтканымдай, алардын чек араны тактоого жана сүйлөшүүлөргө катышуусу маанилүү.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG