Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Коронавирустан бир күндө жети бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык штабдын бүгүнкү, 2-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада вирустан жети киши көз жумду.

Каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ошто катталды. Муну менен COVID-19 илдетинен каза тапкандардын саны 1619га жетти.

Акыркы суткада 308 кишиден вирус жаңы аныкталды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 96 060 адамга жетти.

Бир күндө 258 адам сакайды. Учурда 1496 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Анын ичинен 78инин абалы өтө оор.

Коронавируска кабылгандар Бишкек шаарында көбөйүп жатканына байланыштуу кошумча стационарлар ачылары айтылган. Ага жараша медиктердин мобилдик бригадаларынын саны да көбөйөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделип жатат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эл аралык COVAX программасынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уруксат берген "AstraZeneca" вакцинасынын 400 дозасы келери күтүлүп жатат.

Коронавируска каршы республикалык штабдык маалыматына караганда, 2-майга карата өлкө боюнча 29 948 киши COVID-19 вирусуна каршы эмделди. (MiK)

XS
SM
MD
LG