Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Чек ара чырында жараат алган бир адамдын абалы өтө оор экени айтылды


Чек ара чырынан жараат алган 56 бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жатат.
Чек ара чырынан жараат алган 56 бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жатат.

Чек арадагы жаңжалдан жараат алган сегиз адам кечээ, 1-майда Баткенден Бишкек шаарындагы ооруканага которулду. Учурда Бишкек шаарында 56 бейтап дарыланып жатат. Алардын биринин абалы өтө оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

“Бишкек шаарындагы жана Баткендеги ооруканаларда дары-дармектер, кан жана башка медициналык каражаттар жетиштүү”, - деди Солтонбекова.

Жаңжалдан жабыркагандардын бири Баткен облустук ооруканасынын фельдшери Ашыралы Бурканалы уулунун баш мээси чайкалган.

Мындан тышкары кечээ, 1-майда барымтадан куткарылган кыргызстандык он адам медициналык кароодон өттү. Анын бешөө ооруканага жаткырылды. Учурда бардыгын абалы туруктуу.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти, 34 адам каза тапты.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган. (MiK)

XS
SM
MD
LG