Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:31

Түркиянын башкы дипломаты кыргыз элине көңүл айтты


Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 10-март, 2021-жыл.
Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 10-март, 2021-жыл.

1-майда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөшкөнү кабарланды. Бул тууралуу кабар Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин «Твиттер» баракчасына чыкты.

Чавушоглу кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Анкара эки өлкөнүн кырдаалды турукташтыруу жана абалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн көрүп жаткан аракеттерин кубаттарын билдирди. Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда жетишилген келишимдерди колдой тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле Түркия чек арада жабыркагандарга медициналык, гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин да айтты.

Буга чейин Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка тынчсыздануусун билдирген.

Ал чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонуу ыкмаларын колдонууга жол берилбестигин жана мындай окуялардын алдын алууга зарыл механизмдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиленген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG