Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

"Головнойдо" кыйылган 25 өмүр


Октун калдыктары. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.
Октун калдыктары. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек ара чатагында каза болгондордон 25 адам Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон курман болгон деп билдирди.

Азырынча Тажикстандын органдары чек арадагы адам курмандыктары жөнүндө расмий билдирүү тарата элек.

2-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатак учурунда каза болгон жай тургундардын жыйырма беши (сандар дагы такталууда - ред.) Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон курман болгон деп билдирип, тергөө башталганын кабарлады.

Ошондой эле Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, жолдогу автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча жалпы 11 иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алар Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”), 380-беренеси (“Тынчтыкка каршы кылмыш”), 210-беренеси (“Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо”), 266-беренеси (“Ээнбаштык”), 358-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”), 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча тергөө башталды.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев 2-май күнү саат 15:00дө өткөн басма сөз жыйынында буларды айтты.

Эркебек Аширхожаев.
Эркебек Аширхожаев.

“Бишкектен, Чүйдөн, Оштон, Жалал-Абаддан кызматкерлер барып, тергөө тобу түзүлдү. Келтирилген чыгым жана башка далилдерди топтоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат”.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти, 34 адам каза тапты. Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2-майда Баткендин Ортобоз айылында үйдүн дубалын тешип өткөн авиациялык ракета табылганын билдирип, сүрөтүн жарыялады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, авиаракета жарылбай калгандыктан ал үйдүн тургундары жабыркаган эмес. УКМК 29-апрелде тажик аскерлери “Ми-24” вертолету менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул койгон деп жатат.

Саясат талдоочу Эмил Жураев айрыкча адам курмандыктары жөнүндө маалымат куру доомат эмес, дыкат иликтөөнүн материалдарына негизделиши керек дейт.

“Дооматтарды сөзсүз түрдө өтө кылдат жана толук далил менен коюш керек. Эки мамлекеттин ортосундагы жоопкерчилик эки башка болот. Куру сөз менен айта берсек, экинчи тарап да ошондой кылат. Бул жерде саясатташтырып, ар кандай эмоцияга алдырып же калың эл каалагандай көбөйтүп айтуунун кереги жок. Так далилдер болушу керек. Саат канчада кимдер өлгөнүн, кандай болгонун далилдөө маанилүү”.

Буга чейин эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

"Миномёттор, артиллерия жана ракеталар атылганда анын радиусу так болбогондуктан, же бир нече курал бир эле маалда колдонулгандыктан, ок алыска чачырап жатат. Кыргызстан менен Тажикстан ондогон үй-жайдын өрттөлгөнү жана алыска чачырай турган куралдардын колдонулганы тууралуу маалыматтарды ыкчам иликтеп, канча адам өлгөнүн, канча мүлк талкаланганын аныкташы керек. Аскер мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүүлөрдү таап, карапайым жарандарга укуктук жактан коргонууга шарт түзүп берүүгө милдеттүү", - деп жазылган уюм тараткан билдирүүдө.

Укук коргоочу, юрист Сания Токтогазиева кыргыз-тажик чек арасындагы жай тургундардын курман болгонун иликтөө үчүн жарандык коомдун атынан Гаага эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылуу даярдап жатканын билдирди. Токтогазиева териштирүү жылдап созулушу мүмкүн экенин айтып, арыздын маанисине токтолду.

“Адам укуктары боюнча бейөкмөт уюмдар биригип, прокурордун атына жөнөтөбүз. Мыйзам бузуу жөнүндө арыз Тажикстанга каршы эмес, ошол жердеги буйрук берген адамдардын үстүнөн жазылат. Ал жерде ошол күндөрү аскердик кылмыштын белгилери бар. Эл аралык прокуратурага кылмышты тергөө үчүн аябай так далилдер керек”.

Экс-президент Роза Отунбаева кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча кайрылуу таратып, элди биримдикке, сабырдуулукка чакырды. Отунбаева жаңжалга бир беткей баа берүүдөн жана айып тагуудан алыс болуп, сабырдуулук менен иш алып барууга чакырды.

"Учурдагы окуялар эки мамлекеттин ортосунда, эл аралык мүнөздө болуп жатат. Ошондуктан абалды мындан ары да курчутуп албаш үчүн ачык айтылбай турган, көшөгөнүн артында сүйлөшүлө турган иштер болот. Учурда мамлекет жетекчилиги, өкмөт жана дипломатиялык корпус жигердүү аракеттерди жасап жатат. Өз тажрыйбама таянып, колумдан келишинче көмөк көрсөтүп жатам. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулукка туура маалымат берилип, түзүлгөн кырдаалды элге туура түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бирок азыркы кырдаалды сырттан бирөө келип, эки элдин ортосундагы чырды бир күндө эле чечип коюшат дегендер жаңылышат. Кыргыз жана тажик элдери сүйлөшүү жолу менен тил табышат”, - деп айтылат кайрылууда.

Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстандын коргонуу мекемелеринин биргелешкен комиссиясы Баткен районунун айылдарында иштеп жатат.

28-апрелде чек арадагы эки тараптын куралдуу жаңжал "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон жок.

29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай, Көк-Терек айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.

1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен. Жаңжал чыккан аймактардан эвакуация болгондордун саны 30 миңден ашты.

Ал эми Тажикстандан Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы 3-майда кабарланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG