Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

УКМК Тажикстан кыргыз айылдарын авиаракета менен атканын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Бүгүн, 2-майда Баткендин Ортобоз айылында үйдүн дубалын тешип өткөн авиациялык ракета табылды.

Авиаракета жарылбай калгандыктан ал үйдүн тургундары жабыркаган эмес. Бул тууралуу мамлекеттик чек кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде тажик аскерлери “Ми-24” вертолету менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул койгон.

Учурда окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганы белгиленген.

"Миномёттор, артиллерия жана ракеталар атылганда анын радиусу так болбогондуктан, же бир нече курал бир колдонулгандыктан, ок алыска чачырап жатат. Кыргызстан менен Тажикстан ондогон үй-жайдын өрттөлгөнү жана алыска чачырай турган куралдардын колдонулганы тууралуу маалыматтарды ыкчам иликтеп, карапайым тургундардын жана алардын канча мүлкү талкаланганын аныкташы керек. Аскер мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүүлөрдү таап, карапайым жарандарга укуктук жактан коргонууга шарт түзүп берүүгө милдеттүү", - деп жазылган уюм тараткан билдирүүдө.

Коопсуздукту камсыздоо үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттарында тирешүү башталгандан тартып каттам токтотулган.

Чек ара кызматы 2-май саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.

Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстандын коргонуу мекемелеринин биргелешкен комиссиясы Баткен районунун Ак-Сай айылында ишин улантууда.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG