Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Бекзоддун изги тилектери орундалбай калды...


Бекзод Юлдашев балдары менен.
Бекзод Юлдашев балдары менен.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында мекенин коргоп жатып, курман болгон аскерлердин арасында прапорщик Бекзод Юлдашев да болгон. Артында үч баласы, келинчеги калды. Балдарынын кенжеси алты айлык. Бекзод 10-майда 31 жашка толмок.

Прапорщик Бекзод Юлдашевдин Баткендеги 2021-аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөнүнө сегиз жыл болгон. Жакындарынын айтымында, ал эки-үч жылдан кийин ардактуу эс алууга чыгууну пландап жүргөн. Быйыл наам алам деген да үмүтү бар эле. Тилекке каршы кыялы ишке ашкан жок.

Бекзоддун таежеси Зебо Холматова жээни 29-апрелде туугандарынын баарына чалып, "согушка баратканын" айтып коштошконун айтып отурду.

"Чек арага баратканда "мен согушка кетип атам" деп чалып, коштошкон. Албетте, жамандыкка кыйбайт экенсиң, "этият бол" деп жакшы эле эскерттим. Ал "телефон чалбагыла, жарык күйсө бизди атат" деп айтты. Анан кийин курман болгонун уктук. Жума күнү кечинде Лейлектин жолу ачылганда араң алып өтүштү. Түндө сөөгүн алып келип, бүгүн жерге бердик".

Бекзод Юлдашев 10-майда болгону 31 жашка толмок. Он жыл мурда үйлөнүп, үч балалуу болгон. Улуусу жети, ортончусу беш жашта, ал эми кичүүсү алты айлык. Жубайы медайым болуп эмгектенет. Холматованын айтымында, ал жээнинин жарадар болгон сүрөтүн "Инстаграмдан" көргөн.

"29-апрелде, кечки саат алтыларда мага "Инстаграмдан" сүрөт келди. Ачып карай салсам, жарадар болгон балдардын сүрөттөрү экен. Мен Бекзод экенин футболкасынан эле тааныдым. Эки жакка сүрөттү салып, сураштырып кирдим. Аскердик бөлүккө бардым. Эч кимден так маалымат ала албадым. Өзүнүн телефонуна чалсам көтөрбөйт...".

Бекзод Юлдашев келинчеги менен.
Бекзод Юлдашев келинчеги менен.

Аскер болуу Бекзоддун кичине кезинен берки кыялы болгон. Анын мындай чечимине кийин ата-энеси да тоскоол болбой, тескерисинче кубатташкан. Бекзод ишинин кооптуу экенине карабай ар дайым "мен силерди коргоп жүрбөймүнбү" деп туугандарынын көңүлүн көтөрүп койчу. Энеси Лейлектеги №1 мектеп-гимназиясынын директору, атасы бухгалтер. Бекзод үйдүн улуусу болчу. Өзүнөн кийин эки иниси, бир карындашы бар. Алар да билимдүү. Ушул жолду өзү тандаган. "Мен силерди коргойм" деп көп айтчу. Коргоп жатып кете берди минтип. Азыр көзүбүздөн жаш эмес, кан агып атат. Аны билгендердин баары "мындай бала дүйнөгө бир келет" деп боздоп жатышпайбы".

Бекзод уулунун күлгөнүн көрбөй калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Маркумдун таежеси Зебо Холматова өзү да медайым. Азырынча Бекзоддун өлүмүнүн так себеби жазылган кагаз жакындарынын колуна тие элек. Бирок Холматованын айтымында, ок аскердин кабырга тушуна тийген.

Туугандарынын айтымында Бекзод абдан жоопкерчиликтүү, мээримдүү, жакындарына кайрымдуу жигит болгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги чыр-чатактан улам Баткен облусунун Баткен районунун жана Лейлек районунун ондогон айылдары жабыр тартты, үйлөр жана башка объекттер өрттөндү, 30дан ашуун киши мерт болду. Арасында секелек кыз да бар. 170тен ашуун адам жараат алды. Жалпы жонунан 30 миңден ашуун киши эвакуацияланды.

Бекзод сыяктуу мекенин коргоп жатып курман болгондордун арасында 1991-жылы туулган Эсентур Кубанычбеков жана Нурсултан Манасбек уулу дагы бар. Алардын да сөөгү өздөрү туулуп-өскөн айылдарда жерге берилди. Ошондой эле жараат алгандардын отуздан көбү аскерлер экени маалымдалды.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 20 киши каза болуп, 80ден ашууну жараат алганын билдирген. Тажик бийлиги 6-майда гана 19 жараны каза тапканын расмий билдирди.

Андан тышкары Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG