Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы ондогон айылдар жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөлдү, 31 адам каза болду. Коомчулукта атайын кызмат, күч түзүмдөрү мындай кырдаалга эмне үчүн даяр болгон жок деген сындар айтылып жатат.
Кыргызстандын мурдагы жети өкмөт башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышты тез арада тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган кайрылуу жолдоду.
Экс-премьер-министр Темир Сариев Баткен жаңжалын иликтеген комиссия түзүлүшү керек деген ойдо:
“Биз күнөөлүүлөрдү издеп, бири-бирибизди казбай, азыркы кырдаалды жөнгө салышыбыз керек. Мүмкүн атайын комиссия түзүлүп, иликтеп, жыйынтыгын чыгарат. Азыр жүздөн ашык адам жараат алып, ондогону каза болду, үйлөр өрттөлүп, талоончулук жолуна кетти. Азыр бири-бирибизди жамандап отуруудан пайда чыкпайт. Бир муштумга биригип, абалдан чыгыш керек. Бизге бирөөнүн жеринин кереги жок, бирок өз жерибизди эч кимге бербейбиз деген саясат жүрүш керек”.
Ал эми саясат талдоочу Турат Акимов кыргыз куралдуу күчтөрү түрдүү чагымдарга даяр болбогонун белгилейт:
“Биздин чалгын кызматтары каякты карап жүрөт? Анан генералдын баары ордендерди тагынып алат. Баатыр эненин орденин тагынып алганга да даяр. Бийлик мамлекеттин түпкүлүгүн чиритип жатат. "Балык башынан сасыйт" дейт, балыктын башы ким экенин баарыбыз билебиз”.
Апрелдин башында Кыргызстан Баткен облусунда “Коопсуздук-2021”, “Калыптандыруу-2021” деп аталган ири масштабдуу машыгууларды өткөргөн. Ага президент Садыр Жапаров катышып, мындай ири машыгуу көптөн бери боло электигин билдирген.
Атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков Тажикстан кыргыз-тажик чек арасына куралдуу күчтөрүн тартып жатканы тууралуу Кыргызстандын чалгын кызматында маалымат болгонун айтат.
Медетбековдун баамында, кыргыз бийлиги окуя мынчалык курчуп кетет деп ойлобогондой:
“Тажиктер аскердик окуу өткөрүп, орук казып, даярданып жатканы тууралуу чалгын кызматы гана эмес, ошол жердеги эл да билген. Бул маалыматты атайын кызматтын чалгын кызматтары билген. Маалымат каражаттарына да чыккан. Бирок, алар ушундай деңгээлде согуш чыгып кетерине ишенбей, кенебей калгандай көрүнүп турат. Алдыда каталарды жоюу боюнча окуулар өткөрүлсө керек”.
Артур Медетбеков абал курчугандан баштап күч түзүмдөрүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, Саламаттык сактоо жана өнүктүрүү министрлигин, жергиликтүү бийликти бириктирген ыкчам штаб иштебегенин сынга алды.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн айда басма сөз жыйынында Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Ворух анклавын алмашуу сунушу тажик тарапка берилгенин маалымдаган.
Ташиевдин Ворух анклавы тууралуу билдирүүсү тажик тараптын нааразычылыгын жаратып, Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Ташиевди кескин сындап чыккан. Мындан кийин 9-апрелде тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келип, "Ворух эч качан алмашылбай турганын" билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кыргызстан президенттик башкаруу формасын тандап алганын, чек арадагы чыр президенттин командасынын жоопкерчилиги экенин айтты.
“Бул илгертеден калган маселе. Суу башы бизден башталып, сугарылган жер Тажикстандыкы болгондуктан чыр чыгат. Экинчиден, айрым жетекчилерибиз ойлонбой сүйлөп койду. Үчүнчүдөн, элдин социалдык абалы. Кыргызстан менен Тажикстандын тынч жашашына кызыкдар эмес күчтөр да бар. Жоопкерчилик боюнча референдум өткөндөн кийин Садыр Жапаров баарын өзү чече турган болду го. Садыр Жапаров толук жоопкерчиликти алгандан кийин өзү жооп бериши керек”.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды, саясий күчтөрдү, жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымга алдырбоого чакырды. Ал ынтымакты сактоо менен гана маселе чечилерин билдирди. Президенттин кайрылуусунда "жаңжал чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат" деп айтылат.
Ал арада Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү.
Өлкө башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды тезинен жөнгө салуу чараларын талкуулашты.
Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүгө жана кыргыз-тажик чек ара тилкесинде туруктуу кырдаалды сактоого даяр экендигин белгиледи.
Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечип, ушул жылдын май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында бетме-бет жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда Баткенде болот.