Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

Ворух маселеси: тараптар жол боюнча мунасага келди


Кыргызстан. Ворух анклавынын кире бериши. Апрель, 2021-жыл.

Баткендеги куралдуу чек ара жаңжалынан кийин жолуккан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы макулдашуусунун мазмуну жарыяланды.

Ага ылайык, Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол курулат. Кыргыз бийлиги бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин билдирүүдө.

Макулдашуунун мазмуну

Дүйшөмбү менен Бишкек чек араны тактоо боюнча биргелешкен билдирүү деп өз-өзүнчө тараткан маалыматтардын мазмуну дээрлик окшош. Тажикстандын билдирүүсүн 5-майда “Ховар" улуттук жаңылыктар агенттиги таратса, Кыргызстандын министрлер кабинети аны расмий сайтына 6-майда илди.

Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын башчысы Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.
Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын башчысы Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусундагы макулдашууга ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат. Кыргызстандын Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтүүчү жолду тажик тарап оңдоп-түзөп, колдонот.

Капчыгай айылы Ворух анклавы менен чектешкен Ак-Сай айылынын чыгыш тарабындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинде жайгашкан. Тараптар Ворух анклавынын чегин бул жол курулуп бүткөндөн кийин такташууну сүйлөшкөн.

“Саясат.kg” сайты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин макулдашуу жөнүндө түшүндүрмөсүн жарыялады. Анда Ташиев Кожалы (Хожаи Аъло)- Ворух жолу боюнча мындай деген:

“Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун макамы эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуу менен аныкталат. Башкача айтканда, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет”.

Аталган сайттагы маегинде Ташиев Ворух боюнча чек кийин такталарын жана өзүнчө келишим болорун белгилеген.

Ташиев "биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз" деп кошумчалаган.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткенде эл менен жолугушууда Ак-Сай айылын айланып өтүүчү Кожалы - Ворух жолунун узундугу үч чакырымдай болорун билдирип, Ворухка коридор болбой турганын тактады.

Ошентсе да элде жолдун салынышына, макамына байланыштуу суроолор жаралды. Чек арадагы Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну Замирбек жол боюнча ар кандай маалыматтар болуп жатканын айтып буларга токтолду:

“Биз азыр Ак-Сай – Ворух чек аралары кандай чечилди, сүйлөшүүлөр кандай жүрдү билбейбиз, эч кандай маалыматыбыз жок. Бизге бирөө айтып түшүндүрсө болмок. Ар ким ар кандай айтып жатат, ушактар келип жатат. Кайсынысына ишеништи билбей эле отурабыз”.

Чек ара маселелерин иликтеп жүргөн баткендик Хайиталы Айкыновдун айтымында, жолдун макамын аныктоодогу келишим абдан маанилүү.

“Протоколдо жолдун макамы кошумча келишим менен аныкталат дептир. Ошондо биздин кызыкчылыктарды толук канааттандырып бериши керек деп ойлойм”, - деди Айкынов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев 26-марттагы маалымат жыйынында кыргыз тарап Тажикстанга эки сунуш бергенин, анын биринде Ворухтан Ак-Сай айылын айланып өтүүчү жол бар экенин айткан эле:

"Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анклавы. Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз - аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анклавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук".

Канчанчы жылдагы документти карманышты?

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүндө эки тарап бир катар чек ара сызыгын жакында аныктоону макулдашкан.

Атап айтканда, эки тарап №436, №61, №135, №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийүүдө 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерине таянышмакчы. Ташиев “Саясат.kg” сайтындагы маегинде 1924-1927-жылдардагы карта №43, №61, №135, №141 чек ара чекиттери үчүн гана колдонула турганын, ал эми мунун Ворухка тиешеси жоктугун белгилеген.

1924-1927-жылдардагы документтердин мазмуну жана жогорудагы номур менен көрсөтүлгөн чек ара чектери кайсы аймакта экени ачык айтыла элек. Буга чейин жергиликтүү эл менен жолугушууда Ташиев 9-майга чейин кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги 112 чакырымды чийип, тактап чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирген.

Эксперттер чек араны тактоодо эки жак эки башка документке таянып жатканын айтып келишкен. Маселен, "Азаттыктын" 2011-жылы жазылган макаласында эксперт Саламат Аламанов Кыргызстан тарап өз пикирин айтып, 1958-жылы иштеген комиссиянын негизинде тактоону кааласа, Тажикстан тарап 1924, 1927-жылы түзүлгөн улуттук жер бөлүштүрүү, чек ара түзүү боюнча документтерге таянгысы келерин айткан.

6-майда парламенттеги айрым депутаттар чек арадагы абал боюнча министрлер кабинетинен маалымат алууну сунушташты. Депутат Дастан Бекешев макулдашуудагы жол жана 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтери жөнүндө ачык маалымат берүүгө чакырды.

"Суроолор өтө көп болуп калды. Эки тараптуу кайрылуу чыкты. Ошол жакта 1924-1927-жылдардагы карталар каралсын деп жазылып турат. Биз ага дайыма каршы болуп келгенбиз. Суроолор пайда болду. Чакырып маалымат угалы".

Ошентип парламент кечкурун кыргыз-тажик чек ара меселесин, делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууну жабык талкуулады.

Эки тараптын келишимине ылайык, жумушчу топтор 17-майга чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы жана Тажикстандын Овчи Калача, Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло аймактарындагы участоктордо топографиялык иштерди башташы керек.

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Баткен. 6-май, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Баткен. 6-май, 2021-жыл.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров "чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбайм" деп билдирди. Бул тууралуу ал 6-майда Баткендеги эл менен жолукканда айтты. Буга чейин Жапаровдун Тажикстанга сапары май айынын экинчи жарымына белгиленгени кабарланган.

Президент Баткендеги сапары учурунда чек ара чатагы тутанган “Башкы” суу бөлүштүрүүчү жайга да барды.

"Мамлекет башчысы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыкты. Жыйынтыгында Президент тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайдын техникалык абалын модернизациялоону тапшырды", - деди президенттин маалымат кызматы.

"Азаттыктын" Баткен облусунда жүргөн кабарчысы президенттин жолугушууларын сүрөт-видеого тартууга тыюу салынганына күбө болду. Күзөтчүлөр журналисттерге, жайкын тургундарга Жапаровдун тургундар менен жолугушууларын сүрөт-видеого тарттырган жок жана тартылган сүрөттөрдү өчүртүп салышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG