Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Чек ара: Анклавдан чыккан ажырым


Кыргызстан. Кыргыз-тажик чек арасы. Кыргызстандын ичиндеги Ворух анклавы.
Кыргызстан. Кыргыз-тажик чек арасы. Кыргызстандын ичиндеги Ворух анклавы.

Кыргыз-тажик чек ара талашынын өзөгү катары Ворух анклавынын көйгөйү көтөрүлүүдө.

6-майда "Ховар" улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканы белгилүү болду. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Азырынча кыргыз тарап бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз бийлиги Ворухту биротоло анклав деп чектөөнү же көйгөйдү чечүү үчүн алмашууну сунуштаса, тажик тарап аны негизги аймагына кошууну көздөп, доомат артканы белгилүү болду. Тараптар совет доорундагы ар кайсы учурда чийилген карталарга таянып, өз жүйөлөрүн айтып, бирок бир пикирге келе албай келишет.

Тажикстандык басылмалар “Ворух кантип анклав болгон?” деп суроо коюп, аны чек арадагы чырдын негизги себеби катары жазышты. Анда тажик тарап Ворухту анклав катары тааныбай турганы көрсөтүлгөн. Ал эми кыргыз тарап маселе соңку мезгилде гана көтөрүлүп баштаганын эскертүү менен анклавды Тажикстандын негизги аймагына бириктирүү талабын негизсиз доомат катары баалады. Мындай талапты канааттандыруу Кыргызстандын Аксай, Көк-Таш аймактарынын тажик тарапка өтүп кетишине, Лейлек районун эксклав абалына кептей турганы көрсөтүлгөн.

Ворухту алмашуу сунушуна берилген жооп

Быйыл 26-мартта чек ара боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Ворух” анклавына байланыштуу чек ара көйгөйүн чечүү үчүн тажик бийлигине эки сунуш берилгенин жарыялаган:

"Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анклавы. Биринчи сунуш. Бул анклавдын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоого пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз – бул аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анклавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка бердик. Бирок азырынча коңшу мамлекеттен жооп келе элек".

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бул билдирүүсүн расмий Дүйшөмбү "ультиматум" катары оор кабыл алып, анын аймактарды алмашуу боюнча сунушун тажик коомчулугунда “Ворухту” толугу менен алууга багытталган катуу талап катары сыпаттаган сын-пикирлер күчөгөн.

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи "Фейсбук" аркылуу кайрылуусунда Ворухтун анклав экенин четке каккан. Кезинде Кыргызстандын Баткен облусунун жарымы Тажикстандын аймагы болгонун айтып, доомат койгон жайы бар:

“Ворух, тарыхый, саясий жана географиялык карталар боюнча анклав болгон эмес. Баткен облусунун азыркы аймагынын жарымы де-юре Тажикстандын аймагы болгон. Бул тилкелер совет бийлигинин убагында административдик бөлүк катары гана кабыл алынып, ал жайыттарга көчмөндөр малын жайууга коё берип турушкан. Жыйынтыгында ал көчмөндөрдүн жарымы биздин эзелки аймактарга отурукташып, үйлөнүп-жайланып, үй-жай күтүп, өздөрүнүн тажик туугандары менен ирегелеш, тынч жашап келишти. Кайсы бир жерлерди Тажикстанга кайтаруу тууралуу маселе турган жок. Болгону де-юре жазылганды де-факто таанып, тажик аймагындагы мыйзамсыз түзүлгөн административдик бирдиктерди жоюу зарыл. Анан да алардын жерин башка тажик жерлерине алмаштырууну сунуштоонун кереги жок. Бул сүйлөшүү жүргүзүүнүн принциби эмес”.

Кооптуу коңгуроо

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин бул айтканына ошол кезде расмий Бишкек анчейин көңүл бурбай, муну тажик бийлигинин кыйыр түрдө айттырган аймактык дооматы катары да кабыл алган жок.

Көп өтпөй тажик президенти Эмомали Рахмон алдын ала шардана кылып, атайын Ворух анклавына иш-сапар менен келип, жергиликтүү актив менен жолуккан учурда "ал жер эч качан алмашылбай турганын" айтканы тууралуу кабарлар чыккан.

Бирок кыргыз тарап талаштуу жер тилкелерин алмашуу эл аралык тажрыйбада чек ара чырын тынч чечүүнүн натыйжалуу жолу экенин, ал тургай Өзбекстандын аймагындагы Барак анклавын Кыргызстан ошого теңдеш жерине алмашып, маселени ийгиликтүү жөнгө салганын мисал кылып жооп кайтарды.

Ворух аймагына кандай максатта иш-сапар менен келгени белгисиз президент Эмомали Рахмондун бул жүрүшү кыргыз тарапка кыр көрсөтүү катары каралган.

Ошондон бир канча убакыт өтпөй Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү Баткенде аскердик машыгууларды өткөрдү. Ага удаалаш эле Тажикстан дагы Кыргызстанга чектеш аймагында аскердик машыгууларды баштады. Аскердик талдоочулар муну тараптардын бири-бирине билек көрсөтүшү катары баалашып, бул тымызын тирештин жыйынтыгы кандай болот деген суроону коюшкан болчу.

Ошентип, 28-29-апрель күндөрү эки тарап кагылышып, аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүрү менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болгон, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн окуя болду.

Баткендеги соңку кандуу чек ара чатагынан соң, эксперттер арасында “тажик бийлиги Ташиевдин сунушун чагым катары пайдаланып, Ворухка жол ачууну жана суу бөлүштүрүүчү жайга ээлик кылууну көздөйт” деген пикирлер айтылды.

Мурдагы дипломат Бактыгүл Каламбекова бул окуяга чейин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө Ворухка байланыштуу маселенин кооптуу экенин кулак кагыш кылган.

“Чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча жакындан бери каралып жаткан эки варианттын экөө тең абдан кооптуу деп эсептейм. Анткени, жер алмашууну эки тараптан тең жергиликтүү калк кандай кабыл алат? Анан дагы бул маселе биздин улуттук кызыкчылыкка канчалык төп келет? Коопсуздук жагынан алганда, экономикалык кызыкчылыктан алганда, анын зарылдыгы, пайда-зыяны сыяктуу оош-кыйыштары канчалык эсепке алынган? Мындай иштерди аябай кылдат алып баруу керек. Ошондуктан бул маселе ортого салынып, талкууга алынбай турган нерсе болчу. Реакциясын көрдүк. Бул болбой турган нерсе.”

Тажикстандын дооматы эмнеге негизделген?

Жакында Тажикстандагы “Азия-Плюс” сайты Исфаранын экс-мэрине таянып, 1924-1927-1947-жылдардагы чек араларды аныктоо документтери боюнча Ворух анклав эмес экенин жана анын негизги аймак менен бир экенин далилдегиси келген тажик тараптын жүйөлөрүн жарыялады.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Ворухту анклав деп тааныган укуктук күчкө ээ материалдар жетиштүү экенин айтты:

“Ал жерди алар "анклав эмес" деп, биз анклав деп талашып жатабыз. Бул нерсе эми сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен чечилет. Ворух анклавынын айланасындагы Аксай жана Көк-Таш сыяктуу аймактардын жер тилкелери макулдашыла элек. Кийинки сүйлөшүүлөрдө ушул маселелер каралат. Совет бийлиги түзүлгөндө Тажик республикасы Өзбек ССРинин курамында болгон да. Ошол мезгилдеги эски материалдарда ал жер анклав эмес экенин айтып жатышат. Ал эми кийинки такталган документтерге тажик тарап өзү кол коюп берген материалдар бар. Керек болсо анын анклав экенин ырастаган токтомдор бар. Азыр андай-мындай деп айтуу кыйын. Мисалы, ошол эле 1955-1958-1961-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтерде алар өздөрү аны анклав деп кол коюп берген документтер бар. Керек болсо бул боюнча алардын өкмөтүнүн токтому чыккан. Бизде такталган жана укуктук күчкө ээ материалдар жетиштүү. Бирок алар 1924-1927-жылдардагы эски материалдарды алып чыгып алышып, ошонун айынан талаш-тартыш болуп жатат. Чек ара маселеси аябай талылуу. Ошондуктан мен азыр абдан маанилүү жана жүйөлүү маселелер тууралуу айта албайм”.

Совет бийлигинин Орто Азиядагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүсүнүн жыйынтыгында 1924-жылы Тажик автономиялуу республикасы Өзбек ССРинин курамында түзүлгөн. Ал андан 1929-жылы бөлүнүп, СССРдин курамына өз алдынча республика болуп калган. Бул мезгилде Кыргыз Республикасы башында РСФСРдин курамында автоном облус, автономиялуу республика жана өз алдынча союздук республика болуп түзүлгөн. Бардыгы СССРдин курамында болгондуктан андагы чек аралар административдик чек ара катары белгиленген.

Талаш эмнеден чыккан?

Кыргыз тараптын ырасташынча, 1924-1927-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү шарттуу гана жүрүп, ал мезгилде картографиялык-геодезиялык ыкмалар колдонулбай, Фергана өрөөнүндө жалпылык жана аралаш маданият үстөмдүк кылгандыктан, улуттук жана саясий факторлордун негизинде республикалар ортосундагы административдик бирдиктерди бөлүштүрүүгө анчейин көңүл бөлүнгөн эмес.

Кийин, 1950-жылдары бул союздук республикаларда калктын жашоо деңгээли оңоло баштаганда коңшулардын ортосунда чарбалык, экономикалык маселелер чыгып, андан улам эки ортодогу жерге жана суу ресурстарына ээлик кылууга байланыштуу талаш маселелер көтөрүлө баштаган.

1955-жылы Москванын көрсөтмөсү менен чөлкөмдөгү тарыхый, географиялык, улуттук-саясий факторлорду эске алып, ошол кездеги заманбап картографиялык-геодезиялык ыкмаларды колдонуу менен Орто Азиядагы союздук республикалардын ортосундагы чек араларды тактоо боюнча паритеттик комиссиялар түзүлгөн.

Өзбек ССРи, Кыргыз ССРи жана Тажик ССРинин ортосундагы республикалар аралык анык чек араларды чийген 1955-1958-1961-жылдардагы карталар ошол паритеттик комиссиялардын чыгарган тыянактарынын негизинде иштелип чыгып, бекитилген. Бул тууралуу кийин Ташкент жана Москва шаарларында корголгон илимий эмгектерде да көрсөтүлгөн.

Улуттук-аймактык бөлүштүрүү этаптарына байланыштуу маселеге карата азыркы расмий Дүйшөмбүнүн көз карашы жана позициясы бир топ башкача.

Тажик тарап анклавды "тарыхый катачылык" деп эсептейт

Тажикстандын Исфара шаарынын экс-мэри, постсоветтик мезгилдеги кыргыз-тажик чек араларды тактоо боюнча баштапкы сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу Мирзошариф Исломидинов “Азия-Плюс” сайтына ошол учурда Ворухтун айланасындагы жерлер, демек Аксай, Көк-Таш сыяктуу кыргыз айылдары "Тажикстанга караштуу болгон" деп билдирген.

Анын берген маалыматына таянып жазылып, кандайдыр бир деңгээлде тажик бийлигинин позициясын чагылдырган ал макалада 1950-жылдары Төрткүл суу сактагычы менен аты уйкаш каналды долбоорлоо учурунда Тажикстандын бир нече миң гектар жери Кыргызстанга берилип, бул үчүн Исфара районундагы 3,5 миң гектар жерди сугарууга шарт түзүү маселеси макулдашылган. Бирок Тажик ССРинин Жогорку Советинин президиуму бул документти ратификациядан өткөргөн эмес деген жүйө келтирилген. Бул маалыматтын чын-бышыгын архивдик материалдар аркылуу тактоого азырынча мүмкүн боло элек. Бирок бул документти ошол кездеги Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин ортосундагы өкмөттүк паритеттик комиссия иштеп чыкканы белгилүү.

Чатактын башы - чаташкан карталар

Азыркы учурда тажик тарап Ворух анклав катары Тажикстандын негизги аймагынан бөлүнүп көрсөтүлгөн 1948-жылдагы жалгыз картадан башка, 1975-жылга чейинки союздук карталардын бардыгында Ворух анклав катары көрсөтүлгөн эмес жана ал дайыма Тажикстандын негизги аймагына кирип турган деген пикирде:

“Түркстан округунун бир дагы топографиялык картасында Ворух анклав катары көрсөтүлгөн эмес. Бул округ 1992-жылга чейин турган. 1975-жылга чейинки топографиялык жана аскердик карталарда Аксай деген аталыштагы калктуу конуштар жок. 1975-жылга чейинки документтерди караганда, андагы бир дагы адам Аксайда жашаган деп катталган эмес. Анткени, 1975-жылга чейин андай айыл болгон эмес. Бул карталардын бардыгы Ворух жана анын айланасындагы жерлер Исфаранын бир бөлүгү экенин далилдеген талашсыз документтер болуп саналат жана Тажикстандын бийлиги ошону карманууга тийиш”, – дейт Борбор Азия боюнча тажик эксперти Насибжон Амони.

Тажик тараптын айтымында, 1982-жылдан берки гана союздук республикалардын карталарында Ворух анклав катары бөлүнүп көрсөтүлө баштаган. Бирок анын себептери эмнеде экени "Азия-Плюстун" аталган макаласында көрсөтүлгөн эмес.

Ошол эле кезде тажик тарап СССРдин картография жана геодезия мекемеси тарабынан ондогон, мүмкүн жүздөгөн географиялык, административдик, экономикалык, топографиялык жана аскердик карталар ыңгайына жараша ар кандай сапатта жана ар кайсы мезгилде чийилип, иштелип чыкканын жана алардын ортосунда албетте, кандайдыр бир айырмачылыктар болушу мүмкүн экенин эмнегедир эске албаган.

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө негизги укуктук күчкө ээ далилдер катары кандай документтер менен картографиялык материалдар эсептелери, 1924-жылдан 1991-жылга чейинки аралыктагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү иштериндеги кайсы этаптар жана андагы кандай тарыхый, саясий жана укуктук факторлор эске алынышы керектиги тууралуу бекитилген шарттар азырынча коомчулукка белгисиз.

Аймактык чектерди бөлүүдөгү айырмачылыктар эмнеден?

Кыргыз тарап болсо Ворух анклавынын айланасында жайгашкан Кыргызстандын Аксай жана Көк-Таш айылдары 1930-жылдардагы совет бийлигинин "отурукташтыруу-коллективдештирүү" саясатынын негизинде Баткендин аталган аймагындагы майда жана чачкын конуштар менен айыл-кыштакчаларды ирилештирүүнүн негизинде пайда болгонун белгилейт.

Анткени, мында 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чектеп-бөлүштүрүү иштери жай мезгилинде жүргүзүлгөн учурду дагы эске алуу сунушталган. Жай мезгилде көчмөн-кыргыздар малга карап жайлоолоп, тоолордун арасында болуп, күзүндө гана кыштоо үчүн өндүргө түшкөн жагдайлар эске алынбай калганы мисалга алынды. Ал эми олтурукташкан калк адатта дыйканчылык менен алек болуп, улам жаңы жер тилкелерин өздөштүрө баштаган.

Ошонун негизинде кошуна олтурукташкан эки улуттун ортосунда адамдар аралаш жашаган же болбосо "шахматтык конуштар" пайда болуп, кээ бир учурларда так чектеп, аныктоого мүмкүн болбогон аймактык- административдик бирдиктер түзүлгөн.

Кыргыз тарап тажик бийлиги карманган 1924-1927-жылдардагы документтердин укуктук күчү жок деп эсептейт. Ошол эле кезде чек араларды шарттуу аныктоо боюнча документтер андагы эки тараптын элдик өкүлчүлүк органдарынын макулдашууларынан өтпөгөнүн белгилейт.

Соңку чек араларды тактоонун тыянагы кандай болгон?

Ал эми 1955-1958-жылдары Москвадан келген адистер иштеп чыккан геодезиялык жана картографиялык материалдардын негизинде республикалар аралык чек аралар ошол мезгилдеги шартты эске алуу менен чийилгени кыргыз тараптын жүйөсүндө көрсөтүлгөн.

Кыргызстандык коопсуздук боюнча эксперт Талант Разаков чек аралар боюнча 1955-жылы чыккан тыянакты бардык тараптар тааныганын белгиледи.

“1955-жылдагы улуттук чек араларды аныктоо боюнча паритеттик комиссияда тажик өкмөтүнүн дагы өкүлдөрү болгон. Алар бардык материалдарды карап чыккандан кийин чечимге кол коюп беришкен. Паритеттик комиссиянын чечимин кийин эки республиканын өкмөтү тең таанып, бири-бирине аймактык дооматы жок экенин ырастап, кол койгон токтомдор турбайбы. Ошонун негизинде мурда кетирилген кемчиликтерди жоюп, заманбап ыкмалар менен карталар чийилип, чек аралар аныкталган. Эми талаштуу маселелер каяктан чыгып жатат? Мунун бардыгы эптеп эле Ворухка жол ачып, аны Тажикстандын негизги аймагына бириктирүү далалаты үчүн жүрүп жатат”.

Кыргызстандын ичиндеги Тажикстандын Ворух анклавынын айланасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Көк-Таш айылдары жайгашкан. "Головной" суу бөлүштүрүү жайы дагы Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында орун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG