Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:35

Бийлик армияны реформалоого убада берди


Кыргыз жоокери.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “өлкө бүтүндүгүнө коркунуч туудурган окуяга күбө болдук” деп билдирип, кыргыз армиясында реформа башталарын жарыялады.

Армияны реформалоонун эки багыты

Жапаров мындай билдирүүнү 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылган учурда айтты.

Ал сөзүнүн башында Баткендеги коогада курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күттү. Кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушканын белгиледи.

Ал өз кайрылуусунда кыргыз армиясын реформа кылуудагы негизги эки багытка токтолду.

“Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштурушубуз керек. Экинчи жагынан, биз элдик кошуундарды түзүүгө өтөбүз. Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат”.

Президент коңшу өлкөлөр менен чек араларды тактоо боюнча быйыл бир бүтүмгө келүү максатын кошумчалады.

Баткенди өнүктүрүү жарлыгы

Ушул эле күнү Садыр Жапаров “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, бул максатта министрлер кабинетинин төрагасы жетечилик кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

Буга чейин парламент Баткенди өнүктүрүү жөнүндө бир нече токтом кабыл алынган. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев буларга токтолду.

"Мурда парламенттин токтомдору аткарылбай келген. Азыркы Баш мыйзам боюнча президенттин жарлыгы мыйзам менен барабар. Эми аткарылар. Бирок жарлык чыгарып койгону менен акча бөлүнбөсө, пайда жок. Эң негизгиси ал жерге акча бөлүнүп, элдин жашоо- шартын оңдоо керек экенин акыркы окуялар көрсөттү", - деди депутат.

Баткенге чек арачы башчы болду

Баткен облусунда кадрдык өзгөрүүлөр да болду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев 4-майда “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген жүйө менен кызматтан бошотулду.

Анын ордуна буга чейин Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басары кызматтарында иштеген 48 жаштагы Абдикарим Алимбаев дайындалды. Алимбаев "Азаттыкка" бул аймакта чек ара коопсуздугу биринчи орунда экенин билдирди.

“Аскер кызматкери катары менин дайындалышым Баткен облусундагы күч түзүмдөрүн, Коргоо министрлигинин, Чек ара кызматынын бөлүктөрүн координациялоо болот. Бирдиктүү жумуш аткарышыбыз керек”, - деди Алимбаев.

Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү кызматынан бошотулган Өмүрбек Суваналиев кызматка быйыл 15-февралда келген. Ал 28-30-апрелдеги чек ара жаңжалынын алгачкы сааттарында кырдаалды жеринен көзөмөлдөгөн жетекчилердин бири болду. Коңшу өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө катышты.

Баткен облусунун жетекчиси менен катар Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунун акимдери алмашты. Лейлек районуна Алмазбек Рахманкулов, Кадамжай районуна Кутпидин Шакиров, Баткен районуна Учкунбек Жоробаев аким болуп дайындалды.

Алмазбек Рахманкулов “Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы жетекчиси. Шакиров жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Жоробаев өкмөттө эксперт болуп иштегени белгилүү.

Баткен облусу 1999-жылы, 12-октябрда Ош облусунун курамынан бөлүнүп, өзүнчө облус болуп түзүлгөн.

Мындай чечим 1999-жылы өздөрүн "Өзбекстан Ислам кыймылы" деп атаган куралчан топтун кол салуусунан кийин кабыл алынган. Өлкө борборунан миң чакырымдай алыстыктагы бул аймак учурунда жакшы көңүл бурулбагандыктан көп жагынан артта калганы, социалдык шарттын начардыгы айтылып келет. Облус Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешип, чек аралар ушу күнгө дейре такталбаганы элди түйшүккө салып келүүдө. Аймакта жумушсуздук, миграция күч. Облус түзүүдөгү негизги максаттардын бири – ошол маселелерди чечүү, өлкөнүн түштүк-батыш чегин бекемдөө болгон.

Коопсуздукка көңүл бурган чек ара чатагы

Бирок 22 жыл мурда мамлекет алдына койгон максаттар аткарылбай, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң чоң чек ара чатагы 28-30-апрелде Баткенде катталды.

Эксперттер коомчулугу Садыр Жапаровдун кайрылууда айткан армияны реформалоо, элдик кошуун түзүү демилгесине көңүл ар кыл талдашууда. Коопсуздук боюнча эксперт, атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов армияга көмөк көрсөтүүчү элдик кошуун совет доорунда эле болгонун эске салды.

“Илгери, совет мезгилинде болгон. Мен иштешип калдым. Чек ара зоналарында окутуп, үйрөтүп, улам машыгууга чакырып турчубуз. Аскер кызматын өтөгөн адамдарга жөн эле партизандай курал берип койбостон, алар аскердик бөлүктөрдүн катарына келет. Өзгөчө кырдаалда, согуштук абалдарда Куралдуу күчтөрдүн, чек арачылардын катарында коопсуздукту сактоого колдонулат”, - деди Иманкулов.

Иманкулов Кыргызстандын шартында элдик кошуун түзүү реалдуу жана коопсуздук жаатындагы ар кандай кырдаалга пайдасы тийет деп эсептейт. Ошондой эле тоолуу шарттагы бөлүктү чыңдоо үчүн техникадан мурун жоокерлердин машыгууларына көңүл буруу зарылдыгын айтууда.

Буга чейин мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков да кыргыз армиясын чыңдоо зарыл экенин айтып келишкен.

2019-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдардагы аскер реформасы өз жемишин берип жатканын белгилеп, кыргыз армиясынын абалына оң баа берген.

5-майдагы Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен аймагында абал тынч. Учурда чек ара жаңжалын, андагы чыгымдарды иликтеп, тактоо үчүн түзүлгөн 48 тергөө тобу жеринде иштеп жатат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Жүздөй адам дале ооруканада жатат.

Тажик өкмөтү 10 киши каза тапканын расмий жарыялады. Билдирүүдө алар Исфара районунун жай тургундары экени белгиленген. Буга чейин "Озоди" радиосу жаңжалда 20 адам каза болуп, 90 киши жараат алганын өз алдынча тактаган болчу. Журналисттердин маалыматына караганда, каза тапкандардын 11и аскер кызматкерлери.

Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү 1-майга карата түнү ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG