Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Кыргыз-тажик элинин эки жээкте калган маданияты


Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен тажик акыны Мирзо Турсунзаде.

Чек арадагы чатак Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда маданий алакалар, достук мамилелер азайып, эски байланыштар үзүлүп калганын көрсөттү. Кыргыз-тажик элинин маданий алакасы буга чейин кандай болгон? Дегеле маданий байланыштардын коңшу мамлекеттер үчүн орду канчалык?

Жазуучу, адабиятчы Олжобай Шакирдин пикиринде кыргыз-тажик алкасынын жарака кеткен ажырымына бийлик гана күнөөлүү эмес. Анткени кыйын кырдаалдагы жоопкерчиликти интеллигенция өкүлдөрү да өзүнө ала билиши керек. Чек ара сыяктуу чечилбеген көйгөйлөр күчөгөн чакта да эки элдин чыгармачыл чөйрөсүнүн ортодо курулган маданий көпүрөсү болсо, мындай кагылышуулардын алдын алмак.

“Чыгармачыл алака дегенде, биз жалпы эле эки тараптын өнөр адамдары кыйратарлык мамиле түзө албадык. Кыргыз тарап улуттук адабиятыбыздын рыногун деле кеңейте алган жокпуз. Чыгармачыл интеллигенция, ачыгын айтканда, өз алдындагы жемин жеген эле бакма тоок сыяктуу болуп калды. Эки элдин достугуна рухий үрөн себе албай калдыкпы? Жок, болгону жасалма риторика, пафос менен “коңшу элбиз” деп сыймыктанып жүрдүк. Мындан ары өнөр адамдары жана илимий чөйрө көп иш жүргүзүшүбүз керектиги билинди”.

Ал арада Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков кандуу окуяларга тынчсыздануусун билдирип, Тажикстан Жазуучулар союзуна эки элди ынтымакка үндөгөн, маданий байланыштарды түптөөгө төмөнкүдөй кайрылуу жолдоду:

Нурлан Калыбеков.
Нурлан Калыбеков.

“Кантсе да, биз бир чоң үй-бүлө болуп эсептелген Борбор Азиядан чыкканбыз. Бизди улуу Ибн Сина, Бухари, Айни, Чыңгыз Айтматов, Мирзо Турсун-заде, Гүлрухсор Сафиева, ошондой эле Абдулхамид Самадол, Мумин Канаут жана башкалар бириктирип турат. Бүгүн, бир тууган бир тууганга каршы чыкканда, биздин жүрөгүбүз кагылып, чек арада жашаган бейкүнөө адамдардын азап-тозогуна жана өлүмүнө тынчсызданып жатабыз. Ушул уятсыз жаңжалды токтотуп, элдерди тынчтыкка чакыралы. Онлайн конференция өткөрүп, башкаруучуларыбызга чыр-чатакты чечүүгө жардам берип, адам өмүрүнүн баасын тынчтык жолу менен түшүнүүгө жардам берели".

Бул кайрылууга Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин, Мелис Абакиров, Султан Раев баштаган кыргыздын ондогон эл акындары жана жазуучулары кол койгон. Бул кадамды алар коомчулук эки элдин ыдыраган ынтымагын бириктирүүгө далалат деп белгилешти.

Нурлан Калыбеков илгертен эл достугу, адабият достугу деген жөрөлгөлөр бар экенин айтып, ошол максатта кайрылуу жолдогон. Бирок азырынча тажик тараптан жооп келе элек.

Жазуучу жана журналист, Тажикстандан көчүп келген Мирзохалим Каримов кыргыз менен тажик элинин ортосунда бул убакка чейин мынчалык деңгээлдеги жаңжал болбогонун айтты:

“Биз илгертен боордош, коңшу эл экенибизге сүйүнчүбүз. Бирок эми ушундай күтүлбөгөн окуя болуп кетти. Өзүм дагы жарымым тажик, жарымым кыргыз болгондуктан, мага оор тийди. Эки бармагымды бир убакта тиштегендей эле болду. Акыйкатсыз иштер жасалды, тилекке каршы. Тажикстандагы жарандык согушта миңдеген тажик качкындары качып келгенде, кыргыздар бооруна катып, колундагы жарым наны болсо да бөлүп берди эле. Буларды ойлосом ыйлагым келет. Адам баласына деги эмне керек, эмне жетишпейт? Эми бул ортодогу терс окуяны унутуу үчүн убакыт керек. Кемчилик кетирген тарап кечирим сурап, эки өлкөнүн калкы баштапкы коңшулук жашоого кайтуусун каалайм”.

Көлөмү жагынан дүйнөдөгү эң зор деп эсептелген "Манас" эпосунда да Манастын жубайы Каныкей (өз ысымы Санирабига) тажик элинин кызы болгону баяндалат. Каныкей - кыргыз эли үчүн эненин, акылмандыктын жана ишенимдүүлүктүн символу. Ал эпосто "үзүлгөндү улаган, чачылгандын жыйнаган" деп мүнөздөлөт.

Кыргыздар улуу Манастын жанынан тажик кызын бекеринен кошпогону ырас. Бул факт кыргыздар менен тажиктердин байыртан бери эле тууганчылык мамиледе болуп келгендигин көрсөтөт.

Эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштар азайганы менен таптакыр эле токтогон эмес. Бишкектеги цирктин жамааты чек арадагы жаңжал болгонго чейин эле Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө чыгармачыл сапары менен аттанышмак. Жада калса май айынын башында учууга камынышкан.

Бул тууралуу “Азаттыкка” цирктеги “Жаш Кыргызстан” труппасынын жетекчиси Данияр Бөлөкбаев кабарлады. Ал өз сөзүндө сапарларынын убагы жылган менен, андан баш тартылбайт деп билдирди:

Бишкектеги цирктин имараты.
Бишкектеги цирктин имараты.

“Негизи биздин чыгармачыл топ ушул айдын 12-13-күндөрү Тажикстандын борбор калаасына учушубуз керек болчу. Жакынкы күндөрү орун алган жаңжалга карап, баруу убактыбызды бир аз күнгө артка жылдырдык. Тажик тарап азыр Дүйшөмбүдөгү абал тынч деп чакырып жатышат. Ага чейин Казакстандын Алматы, Чымкент, Караганды аймактарына иш-сапарыбыз белгиленген. Бирок карантиндик чектөөлөрдөн улам Тажикстанга сүйлөшүү жүргөн. Окуя орун алганга чейин келишим түзүлгөндүктөн, барышыбыз керек. Менимче чакырган тарап коопсуздукка кепил боло алат”.

Ал эми өз ысымын атагысы келбеген труппадагы артисттердин биринин апасы азыркы кырдаалдан дагы деле кооптонуп турат. Ошондуктан ал кызын Дүйшөмбүгө жөнөткүсү келбей жатканын билдирди:

“Алар чакырып жатат. Бирок мен эмнегедир коркуп турам. Анткени тескери түшүнүктөгү адам бардык жерде болушу мүмкүн. Оюнун бузуп үзгүлтүккө учуратып коёбу же катышуучуларга кол салабы деп кыжалат болуп отурам. Ошол себептүү кызымдын барышын каалабайм”.

Кыргыз коомунда маданий, адабий байланыштар тууралуу кеп болгондо көпчүлүк серепчилер кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен тажик акыны Мирзо Турсунзаденин достук, чыгармачылык мамилесин эске салышат. Алар эки элдин достугун кубаттап, эки улуттун ынтымагын арттырууга салым кошкону айтылат.

Кыргызстан Тажикстанда 150 миңден ашык адамдын өмүрүн алган жарандык согушту токтотуудагы расмий Бишкектин ролу да зор болгон. Ал учурда кан төгүлгөн согуштан качкан он миңдеген тажикстандыктар Кыргызстандын аймагына кирип, айрымдары үчүнчү өлкөлөргө чыгып кеткен. 1997-жылы ал кездеги кыргыз бийлигинин ортомчулугу менен президент Эмомали Рахмон жана Тажикстандын Бириккен оппозициячыл кыймылынын жетекчилери элдешүү келишимине кол койгон.

Кандуу окуядан соң кыргыз коомчулугунун социалдык тармактарында “Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратовдун тажик бийлигинин кадамын айыптаган, ошол эле убакта кыргыз элин биримдикке чакырып, чагымчылдыкка алдырбоого чакырган кайрылуусу тарады.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 180ден ашык киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 18 адам каза тапканын, 80ден ашуун жараны жараат алганын жазган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG