Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:08

Жаңжал учурундагы президенттердин кадамы


Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен тажик лидери Эмомали Рахмондун телефондон сүйлөшкөнү тууралуу расмий маалымат менен коштолгон сүрөт.

  

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынчыгандан кийин тараптар бул жаңжалды иликтөөгө киришип, кылмыш иштерин козгоду. Эки тарап тең чатактын чыгышы боюнча жоопкерчиликти бири-бирине шылтап жатат. Жаңжал учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик башчылары кандай кадамдарды жасады?

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чатак эки өлкө эгемендик алган 30 жылдагы эң ири жаңжал болуп калды. Кыргызстандын расмий органдары үч күнгө созулган чатакта набыт болгон жарандардын саны 36га жетип, 180ден ашуун киши жараат алганын жарыялады.

Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Муну эл аралык “Кызыл Ай” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да ырастады.

Ал эми Тажикстандын бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. Чатактын алгачкы күнү тогуз адам жараат алганын бул өлкөнүн Чек ара кызматы жарыялаган. Андан бери маалымат берилген жок. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 18 адам каза тапканын, 90у жараны жараат алганын жазды.

Дал ушундай эки өлкөнүн соңку тарыхындагы кандуу калабага айланган жаңжалда Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтери кандай аракеттерди жасады?

Жапаров эмне кылды?

Кырдаал курчуган 29-апрелден тарта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки ирет өлкө калкына кайрылуу жасады. Анда ал чек арадагы окуялар чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен чыкканын айтып, чатакты ырбатпоо үчүн аракет көрүлгөнүн билдирди.

2-майдагы соңку кайрылууда Жапаров кыргыз тарап чатакты тезинен жөнгө салууга бардык аракетин көргөнүн билдирди:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Кыргызстандын чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бердим. Себеби чатак ырбаса, эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак, жүз миңдеген үй-бүлөлөр кайгы-муңга бөлөнмөк. Ушуну элибиз туура түшүндү деп ойлойм. Кудай жалгап эки тарап кандуу согушту токтотту. Кагылышуу дагы канча убакытка уланмак, аны бир Жараткан билет”.

Жапаровдун ондогон адамдардын өмүрүн алган окуя боюнча коңшу өлкөнү айыптабаганын өлкө ичинде айрымдар сынга алды. Ошол эле маалда жаңжалды тереңдетпөөгө аракет кылды деп кубаттагандар болду.

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 1-2-май Кыргызстанда жаңжалда каза болгондорго аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

Рахмон үн каткан жок

Бул чатак орун алган күндөн тарта тажик президенти Эмомали Рахмон эч кандай билдирүү тараткан жок.

Кырдаал курчуп турган учурда Рахмон эки ирет Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, Өзбекстан жана Казакстандын президенттерине телефондон байланышканы гана кабарланды. Кыргызстанда эки күндүк аза күтүү жарыяланган учурда да Душанбе көңүл айтуу жолдогону кабарланган жок.

Рахмон бул күндөрү өкмөттүн жыйынын өткөрүп, Тажикстандын экономикалык жетишкендиктери боюнча министрлердин отчетторун кабыл алып жатты.

Тажикстандык журналист Марат Мамадшоев өлкөдө бул күндөрү нейтралдуу маанайды кармоо аракети болгонун «Азаттыкка» курган маегинде билдирди:

Марат Мамадшоев
Марат Мамадшоев

"Мен негизинен жоопкерчиликтүү маалымат каражаттарын окуйм. Алардын реакциясы нейтралдуу десек болот. Нейтралдуу дегенде, алар эмоционалдуу эмес. Фактыларды келтирип жатышат. Бирок кандайдыр бир тыянак жасашкан жок. Эмоционалдуу баа берүүлөр угулган жок. Ооба, президент Рахмон бул тууралуу өз сөзүн айта элек. Жеке өзүмдү кыргыз президентинин билдирүүсү таң калтырды. Менин оюмча, ал оор басырыктуу сөздөрдү айтып, сабырдуулукка чакырды жана маселени тынч жол менен чечүүгө үндөдү”.

Айрым эксперттер Эмомали Рахмондун жаңжалга байланыштуу үн катпаганын, ага тиешеси жок экенин көрсөтүүгө аракет кылганы деп түшүндүрүштү.

Москвадагы Жогорку экономика мектебинин профессору, Борбор Азия боюнча эксперт Андрей Казанцев акыркы кырдаалда тажик бийлиги да, кыргыз бийлиги да ички саясатта упай топтош үчүн жаңжалды ырбатып алды деген пикирде:

Андрей Казанцев
Андрей Казанцев

"Эки тарапта тең ички саясатта упай топтойбуз деген максаттын элементтери байкалып турду. Эки тарап тең коронавирус пандемиясы тереңдеткен кризистик абалда жаңжалды өз пайдасына колдонууга аракет кылды. Бул кеңири колдонулган ыкма. Сырткы душмандын образы элди бириктирет. Акыркы окуялар тушунда Рахмондун эч кандай реакция жасабаганы ал бул окуяларга, жаңжалга тиешеси жок экенин көрсөткүсү келгендей көрүнөт. Ал өзүнүн ысымы жалаң гана жакшы нерсе менен байланыштуу болушун каалайт".

Соңку күндөрү кыргыз медиасында, социалдык тармактардагы колдонуучулар арасында тажик президентинин дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылды.

Атүгүл соңку күндөрү АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар Тажикстандын элчилик, консулдуктарынын алдында акцияларды өткөрүп, Эмомали Рахмонду айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Алар соңку кырдаалга Тажикстандын элин эмес, бул өлкөнү 27 жылдан бери темирдей бекем тартип менен башкарып келген Рахмондун күнөөлүү экенин айтышууда.

Германиядагы Тажикстандын элчилигинин алдындагы кыргызстандыктардын акциясы
Германиядагы Тажикстандын элчилигинин алдындагы кыргызстандыктардын акциясы

Маселен, Кошмо Штаттардагы кыргызстандык юрист Айзада Марат эл аралык коомчулукту тажик президентинин аракеттерине көңүл бурууга чакырды:

“Биз тажик эли президентинин акыркы аракетин колдобойт деп ишенбиз. Анын согуштук кылмыш кылганын жана агрессиясын Эл аралык кылмыш соту иликтеши керек. Анын аракеттерин БУУнун Башкы ассамблеясы талкуулашы керек”, - деп билдирди Айзада Марат.

Эмомали Рахмон ким?

Кыргыз коомунда аты соңку учурда көп айтыла баштаган тажик президенти Эмомали Рахмондун баскан жолун жана анын Кыргызстан менен байланышына баам салалы.

69 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери же 29 жыл башкарып келет.

Алгач бул өлкөдөгү жарандык согуш маалында Тажик парламентинин жетекчиси болгон, 1994-жылдан тарта мамлекет башчысы. КМШдагы өлкөлөрдүн ичинен бийликте эң узак убакыт отурган президент.

Тажикстандагы 1997-жылга чейин созулган ички жарандык согуш 150 миңдей кишинин өмүрүн алган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чатагы ырбагандан бери дал ошол жарандык согуш маалындагы расмий Бишкектин ролун эскергендер көбөйдү.

Ал учурда кан төгүлгөн согуштан качкан он миңдеген тажикстандыктар Кыргызстандын аймагына кирип, айрымдары үчүнчү өлкөлөргө чыгып кеткен. 1997-жылы ал кездеги кыргыз бийлигинин ортомчулугу менен Рахмон жана Тажикстандын Бириккен оппозициячыл кыймылынын жетекчилери элдешүү келишимине кол койгон.

Дал ушул процесске активдүү катышкан, жарандык согуш маалында Кыргызстандын атынан Тажикстандагы эки тарапты элдештирүү жараянына катышкан мурдагы премьер-министр Феликс Кулов ал кезди минтип эскерди:

"Биринчиден, мен таптакыр башка кишини көрүп турам. Мен мурдагы тааныган Рахмон эмес. Ал бир кезде мага ыйламсырап келип, аны мен Акаевге жолуктуруп, андан соң элдештиребиз деп Тажикстанды түрө кыдырып жүргөндөгү адамдай көрүнбөйт. Анда мен Тажикстандын Жогорку Советинин жыйынын өткөрүү үчүн депутаттарын чогултуп, ал кездеги премьер-министри Абдулложоновду, Бириккен оппозициячыл кыймылынын башчысы Абдулло Нурини көндүрүп жардам бердик эле. Кийин ал ишибиз жыйынтыгын берген. Бирок жылдар өтүп, Рахмонго премьер-министр учурда жолукканымда анын абдан өзгөргөнүн байкадым. Мурдагы окуялардын баары эсинен чыгып, бийлик аны абдан өзгөртүптүр".

Кыргызстандагы мурдагы премьер-министри Феликс Куловдун "Ашууда" деген китебинен үзүндү
Кыргызстандагы мурдагы премьер-министри Феликс Куловдун "Ашууда" деген китебинен үзүндү

Рахмон соңку 15-20-жылдан бери бийликти бир колго топтоп, өлкөдөгү оппозициячыл жана диний ишмерлерди куугунтуктаганы эл аралык отчеттордо айтылган.

Тажик бийлигине оппозиция болгон Ислам кайра жаралуу партиясы 2016-жылы экстремисттик катары таанылып, анын лидерлери өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

Ата-бала Рахмондор
Ата-бала Рахмондор

Бир нече изилдөөдө Тажикстандагы бийлик жана жаратылыш, финансы ресурстары Эмомали Рахмондун үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү жана жакындарынын колунда экенин жазып чыккан.

Маселен, «Чек арасыз диктаторлор» аттуу китептин автору британиялык иликтөөчү Жон Хизершоу Рахмондун үй-бүлөсүнүн алюминий бизнеси тууралуу баяндаган.

Ал эми бийлик системасында да президенттин жакындары көп. Тагыраагы, анын улуу 34 жаштагы Рустам Эмомали борбор калаа Дүйшөмбүнүн мэри жана тажик парламентинин жогорку палатасынын спикери болсо, кызы Озода Рахмон президенттик аппаратты жетектейт.

Эксперттер Эмомали Рахмон өз бийлигин келечекте балдарынын бирине өткөрүп берүүнү көздөп жатканын айтышууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG