Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Маркум журналисттердин жакындары чындык издейт


Тажикстандагы жарандык согуш учурунда өлтүрүлгөн айрым журналисттердин туугандары дээрлик 30 жылдан бери күнөөлүүлөрдү таба албай келишет. 2-ноябрь - Журналисттерге каршы кылмыштар менен күрөшүү күнү деп жарыяланган.

«Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) бейөкмөт уюму Тажикстандагы жарандык согуш учурунда 74 журналист өлтүрүлгөнүн билдирди.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы бул окуялар боюнча канча иш сотко өткөнүн, канча кылмышкер соттолгонун так айтпай келет.

Дүйшөмбү шаарынын тургуну Хосият Шералиева күйөөсү, журналист Муродулло Шерализоданын өлүмү боюнча толук маалымат ала албай жүрөт. Хосияттын күйөөсү Муродолло 1992-жылы 5-майда Тажикстан парламентинин азыркы имаратында өлтүрүлгөн.

Муродулло Шерализода «Садои Мардум» гезитинин башкы редактору жана Тажик ССРинин эл депутаты болчу. Журналисттин жесири Хосият Шералиева «Азаттык» радиосунун тажик кызматына күйөөсүн ким, эмне себептен өлтүргөнүн билбегенин айтып берген.

«5-май күнү жолдошум эртең менен үйдөн чыгып баратып: «Хосият, мен кеттим, бүгүн сессиябыз бар» деген. Ошол күнү биз балдар менен үйдө болчубуз. Бирок андан кийин эжемдикине кеттик. Эртеси күнү бирөөлөр дарбазаны кагышты. Сыртка чыксам жолдошумдун достору турган экен, ошолор угузушту».

Муродулло Шерализоданын артында төрт уулу, бир кызы калган. Кызы көп өтпөй катуу оорудан каза болгон. Төрт уулу менен калган жесир аялы учурда 400 сомони (35 доллар) пенсия менен жан багат. Уулдарынын бири Орусияга мигрант болуп кетсе, кичүүсү Дүйшөмбү шаарында таксист болуп иштейт.

Журналист Шерализоданын туулуп өскөн шаары Пенжикенттеги үй музейи да каралбай калган. Хосият окуядан бери көп жыл өтсө да акыйкаттык издеп, президент Эмомали Рахмонго кайрылган.


Тажикстандагы жарандык согуштун дагы бир курмандыгы болгон журналист Хушвахтшо Муборакшоевдин жакындары канчалык аракет кылганы менен, анын сөөгүн дагы деле таба албай жатышат.

Тополоң чыккан маалда Хушвахтшо Муборакшоев тажик телевидениесинде жана «Садои Мардум» гезитинде иштечү. Туугандарынын жана кесиптештеринин айтымында, 1992-жылы декабрда аны белгисиз адамдар Дүйшөмбү шаарында автобустан сүйрөп чыгышкан. Ушул убакытка чейин журналист дайынсыз жоголгондордун тизмесинде жүрөт.

Муборакшоевдин аялы Мохбегим Давлатмахмадова буларды айтып берди:

«Жолдошумдан «Дүйшөмбү шаарынан кетип калалы» деп сурангам. Бирок ал «жок, мен күнөөлүү эмесмин жана эч жакка барбайм» деп айткан. Ошону менен балдарымды алып, туугандарыма кеткем. Бир айдан кийин туугандарым жолдошум каза болгонун угузушту. Бирок ушул күнгө чейин биз анын сөөгүн көрө элекпиз. Жолдошумду издөө үчүн бийликке да кайрылдык. Бирок алар ушул кезге чейин анын сөөгүн табышкан жок. Бир нече жылдан кийин кылмыш ишин да жаап коюшту».

Журналист Хушвахтшонун кесиптештери аны токтоо адам катары эскеришет. Алар маркум журналист «Анбаркухи» деген каймана ат менен аңгеме жазып жүргөнүн, саясий талаштарга аралашпаганын, ошол кездеги карама-каршы топтордун бирин да колдобогонун белгилешет. Тажик бийлиги журналисттин иши боюнча расмий маалымат жарыялаган эмес.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү «Азаттык» радиосунун тажик кызматына журналисттерди өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирген.

Жергиликтүү серепчилер тажик бийлиги журналисттердин өлүмүнө жакшылап көңүл бурушу керек экенин белгилешет. Медиа кеңешинин мурдагы төрагасы, Тажикстандын Улуттук университетинин журналистика боюнча мугалими Кироншох Шарифзода жарандык согуш маалында сотко кайрылууга мүмкүнчүлүк болбогонун, бирок эми журналисттердин өлүмүн терең изилдөө керектигин айтты. Шарифзода журналисттердин жоголушун же каза болушун бир да уюм атайын иликтебегенин кошумчалады.

Тажрыйбалуу журналисттердин бири Мирзомахмуд Мирбобоев Тажикстандагы жарандык согуш мезгилинде журналистика ардактуу, бирок өтө кооптуу кесип болгонун белгилейт.

«Мен Дүйшөмбү шаарында журналист болуп иштей баштаганда күнүгө үйгө башка жол менен кетчүмүн. Анткени артымдан аңдыгандар мени оңой таап албасын деп коркчумун. Ал эми азыр журналисттер кесиптештеринин өлүмүн териштирген иликтөөлөрдү жазып жатышат. Бирок муну изилдеп чыгып, күнөөлүүлөрдү табуу бийликтин тийиштүү органынын милдети деп ойлойм».

Тажикстандагы жарандык согуш маалында журналисттер гана эмес, дарыгерлер, илимпоздор, маданият кызматкерлери, тергөөчүлөр жана саясатчылар өлтүрүлгөн. Ошол жылдары өлкөдөгү дээрлик ар бир үй-бүлө согуштун курмандыгы болгон. Расмий маалыматтар боюнча беш жылга созулган согушта 100 миңден ашуун адам каза болуп, 1 миллиондон ашык адам жер которгон.

XS
SM
MD
LG