Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

Абдыганы Эркебаев: Чек ара маселесин акыл менен чечүү керек


Эркебаев: Бардык аракет тынчтыкты көздөшү керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:51:47 0:00

Эркебаев: Бардык аракет тынчтыкты көздөшү керек

Кыргызстан элинин ассамблея кеңешинин төрагасы, мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев апрель айынын этегинде кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепеттери, сабактары, абалды жөнгө салуу жолдору тууралуу “Азаттыкка” видеомаек курду. Маектин кыска вариантын жазуу жүзүндө сунуштайбыз.

- Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш кеминде 36 адамдын өмүрүн алды. 178 киши жабыркады, үй-жай талкаланып, өрттөлдү. 50 миңден ашыгы коопсуз жайга жер которду. Тажик тараптан 16 киши каза болгону, үйлөр өрттөлгөнү кабарланды. Эң башкысы эл жабыркады. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн бийлик, коомчулук кандай аракеттерди көрүшү керек?

Мейли, мамлекет башчы координация кылып отурсун, премьер-министр биринчи күнү Татарстанда болуп калды, Жогорку Кеңештин төрагасы барып койсо болмок. Ал – Конституция боюнча өлкөдөгү экинчи адам. Кечээ, баары бүткөндөн кийин барышты. Бул – кейиштүү.

- Кембагал өлкө үчүн жоготуулар, кырсыктар, айрыкча атайылап согуштук жол менен кыйратуулар абдан оор. Азыр эми башкысы президенттер, тышкы иштер министрлери, коопсуздук кызматтары сүйлөшүү жүргүзүп, аскерлер чыгып кетти. Ылайым ушуну менен тынчтык орноп калса экен. Бул - башкы жагдай.

Экинчи жагынан мамлекет коопсуздукту камсыз кылып жатат. Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчы барды. Ушул жерде айтып коеюн, үч күн ичинде (28,29,30-апрель) - оор күндөрдүн биринде биздин өлкөнүн үч жетекчисинин бири барып коюшу керек эле. Биз да ошондой жетекчи болгонбуз. Чыр-чатак же кырсык болору менен жетип баруу – дүйнөлүк практика. Саясий этика да, талап да ошондой.

Мейли, мамлекет башчы координация кылып отурсун, премьер-министр биринчи күнү Татарстанда болуп калды, Жогорку Кеңештин төрагасы барып койсо болмок. Ал – Конституция боюнча өлкөдөгү экинчи адам. Кечээ, баары бүткөндөн кийин барышты. Бул – кейиштүү. Элдин сын-пикири да жүйөлүү, өкмөт башчы, мамлекет башчы келди деген кабар элди да шердентет.

Эми буюрса турукташып калды. Өкмөт сөзүнө турушу керек. Элдин коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин милдети. Бул жагынан утулдук. Муну моюнга алып, бардыгын калыбына келтирип, колдоо керек. Жалпы журтчулук колдон келген жардамды акчалайбы, тамак-аш, кийим-кечеби, дары-дармекпи – беришибиз керек. Мына мен жетектеген ассамблея да 20 тонналык эки автоунаа жардам жөнөттүк. Оштон да кетип атат. Аларды кышка калтырбай, бутка тургузушубуз керек.

Канча жылдан бери чечилбей келаткан чек арага колдон келишинче каражатты көбүрөөк бөлүп, чек араны кошуна менен теңтайлаша, шайма-шай кайтара билүү керек. Чек ара -ыйык.

- Чек ара чатагынан бийлик кандай сабак алышы керек?

- Эки нерсени эске алышы керек. Кыргыз калкынын улуттук мүнөзү – чыдамкайлык, сабырдуулук. Ушуну карманыш керек. Бирок, жер, чек ара жөнүндө сөз болгондо жалтактык жарабайт. Мамлекет ошон үчүн мамлекет, элдин сырткы жана ички коопсуздугун камсыздап бериши керек. Ошону аткара албай жатпайбызбы. Бул – бир сабак. Канча жылдан бери чечилбей келаткан чек арага колдон келишинче каражатты көбүрөөк бөлүп, чек араны кошуна менен теңтайлаша, шайма-шай кайтара билүү керек. Чек ара -ыйык.

Экинчиден, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүргөндө да ошону көкүрөккө сактап, арттагы күчкө таянып, кубаттуу сүйлөшүү жүргүзүү керек. Тилекке каршы, биздин айрым мамлекеттик ишмерлер, анын ичинде чек арага байланыштуу да аша чаап, алабармандык кылып коюп атышат. Андан да сак болуу керек. Кара күч менен эмес, акыл-эсиң, билимиң, далилиң менен өктөмдүк кылышың керек.

- Эл аралык айрым эксперттер чыр-чатактарды ырбатпай чек ара маселесин бир ыктай чечүү жоопкерчилиги мамлекет башчыларында деп жатышат. Чек ара маселесин чечүү үчүн кандай кадамдарга барышы керек президенттер?

- Эки президент эки жолу телефондон сүйлөштү. Эми май айында эки президент Дүйшөмбү шаарында жолукканы жатат. Муну ар ким ар кандай жоруп атат. "Басып кирип, кыр көрсөтүп аткандан кийин биздин президенттин барбаганы туура" деп да айтышууда.

Менин жеке оюм, ар кандай чыр-чатактан, согуштан жаман тынчтык өйдө деген кеп бар. Тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Садыр Нуркожоевичтин (Жапаров-ред.) сүйлөшүүгө барышын колдойм.

Бирок, жалтактык кылбастан, өзү айткандай, биз өз жерибизди эч кимге бербейбиз, башкалардын, анын ичинде Тажикстандын бир метр жерине кызыкпайбыз деген принципти бек кармап, Эмомали Рахмон менен тарыхый, юридикалык документтин негизинде, элдин маанайын эске алуу менен бетме-бет сүйлөшүүсү шарт. Бул - башкы жагдай.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG