Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

"Озоди": Жаңжалда дагы эки тажик чек арачысы каза тапканы аныкталды


Көк-Таш жана Кожалы айылдарынын тургандарынын ортосундагы чатак, 28-апрель 2021-жыл.
Көк-Таш жана Кожалы айылдарынын тургандарынын ортосундагы чатак, 28-апрель 2021-жыл.

"Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан дагы эки чек арачы мерт болгонун билдирди. Тажикстандын Нурабад районунун расмий өкүлдөрү "Озоди" радиосуна ырасташкандай, бул райондон чыккан 20 жаштагы чек арачы Аслиддин Абдузаманов менен 26 жаштагы чек ара офицери Абдуллах Саидов 29-апрелде мерт болгон жана алардын сөөгү 1-майда жерге берилген.

Муну менен "Озоди" радиосунун эсеби боюнча, Тажикстанда чек ара чатагында каза болгондордун жалпы саны 18ге жетти. Алардын 10у аскер кызматкерлери экени, баш-аягы 90дой адам жараат алганы кабарланууда. Бирок Тажикстандын бийлиги жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек.

28-30-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Каза тапкандардын үчөө аскер кызматкери. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Жаңжалда жабыр тарткан тажик айылдарына барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылындагы бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашууда.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы коогага байланыштуу кылмыш иштерин козгошту. Кыргыз Башкы прокуратурасы Тажикстан келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп киргенин билдирди. Бул органдын расмий маалыматында Тажикстандын аскерлеринин аракетинде "агрессиялык согушту жүргүзүү байкалганы" белгиленген.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы да 3-майда Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачканын жарыялаган. Анда тажик бийлиги кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG