Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, элге кайрылуу жасайт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасайт. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат.

"Пандемияга байланыштуу чакырылгандар коронавируска карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулуп жатат. Кайрылууну Коомдук телеканал түз көрсөтөт", деп айтылат маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде жыйынга чогулуп, Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекиткен.

Ага ылайык, референдумга добуш берчү жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 % (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 % (181 370) каршы добуш берген.

Буга чейин жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийликтин бир колго топтолушуна жол ачат деген сын-доомат айтылган. Конституциялык реформаны жактагандар Кыргызстанда 10-январдагы референдумда шайлоочулардын 80% президенттик башкаруу системасын колдошконун, ага жараша жаңы Баш мыйзам иштелип чыкканын белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG