Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

Ооганстанда "Талибандын" чабуулу күч алды


Гераттагы жолдо катылган мина жарылганда жараат алган кыз, 30-апрель 2021-жыл.

Ооганстан "Талибан" кыймылы менен соңку эки күн ичиндеги кагылышууларда 100дөн ашуун жоочу жок кылынганын билдирди. Эки провинциядагы талибдердин чабуулдарынан кеминде 15 ооган аскери мерт болду. Мындай окуялар АКШ Ооганстандагы күчтөрүн чыгарып кетүү жараянын баштаган учурга туура келүүдө.

Ооганстанда соңку мезгилде "Талибан" кыймылынын чабуулдары да, алардын өкмөттүк күчтөр менен кагылышуулары да күчөдү. Ишембиге караган түнү Логар провинциясынын борборунда жардыруучу зат шыкалган автоунаа жарылып, андан каза болгондордун саны 20дан ашты. 90дон көп адам жараат алды. Бул чабуулга азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

"Жардырууда жараат алган туугандарымды үйдөн дарылап жатам. Бул өлкөдө качан тынчтык орнойт? Баарыңардан суранам, ушундайды токтоткулачы", - деди окуяда аман калган дарыгер Хан Маланг.

Муну улай 2-майда өлкө батышындагы Фарах провинциясында талибдер аскердик тозотко чабуул коюп, андан кеминде жети жоокер мерт болду. Ага"Талибан" кыймылы жоопкерчилик алып, тозоттогу курал-жарактар алардын колуна өткөнүн билдирди.


Дүйшөмбүгө караган түнү Герат провинциясындагы Фарси районунда 100дөй талиб эки автоунааны жардыруу аркылуу чабуул жасашкан. Андан коопсуздук кызматынын сегиз кишиси курман болуп, төртөө жараат алганы кабарланды.

Жекшемби күнү Ооганстандын Коргоо министрлиги "Талибан" кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн соңку эки күн ичиндеги кагылышууларынан 100дөй жоочу жок кылынганын, 50дөн ашууну жараат алганын жарыялаган болчу. Бирок окуяда канча аскер жабыркаганын так белгилеген эмес.

АКШ күчтөрү "Антоник" базасын өткөрүп берип жаткан учур, 2-май 2021-жыл.
АКШ күчтөрү "Антоник" базасын өткөрүп берип жаткан учур, 2-май 2021-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин чечиминин негизинде Ооганстандагы америкалык аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 1-майда башталган. 2-майда АКШ армиясы Гилменд провинциясындагы "Антоник" базасын ооган күчтөрүнө өткөрүп берген. Эми ал базаны АКШ жана НАТО күчтөрү машыктырган ооган аскерлери көзөмөлдөмөкчү.

Американын Ооганстандагы жалпы 2,5 миңдей аскери 11-сентябрга чейин Ооганстандан толугу менен чыгып кетиши керек. Ооган өкмөтү билдиргендей, чет өлкөлүк күчтөр алгач АКШнын Ооганстандагы эң чоң базасы - Баграмда топтолуп, андан соң тиешелүү өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Бирок ооган күчтөрү "коопсуздукту толук камсыз кыла алабы?" деген суроого так жооп табылбай турат.


Жакында Ооганстандын Улуттук элдешүү боюнча жогору кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла кыйынчылык көп болорун божомолдогон.

"Ошол эле учурда Ооганстанда, окуялардын чордонунда жүргөн адам катары "бул биздин эл үчүн дүйнөнүн соңу эмес" деп айткым келет. Абдан кыйын болот. Ошондуктан биз тынчтыкты сактоого көңүл бурушубуз керек. Буга биз эле эмес, башка тарап да салым кошушу зарыл".

"Талибан" кыймылы менен АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы былтыр февраль айында кол койгон келишимге ылайык, Ооганстандагы бардык чет элдик күчтөр 1-майга чейин чыгып кетиши керек эле. Аны менен кошо "Талибан" кыймылы жана ооган бийлиги өз ара кепке келери айтылган. Азырынча оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Ооганстандын Газни провинциясы, 2-май 2021-жыл.
Ооганстандын Газни провинциясы, 2-май 2021-жыл.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден америкалык аскерлерди чыгарып кетүү жараяны создуга турганын, ал 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йоркто болгон террордук чабуулдардын 20 жылдыгын утурлай гана жыйынтыкталарын билдирген.

Байдендин мындай чечимин улай америкалык маалымат каражаттарындагы айрым кабарлар АКШ аскерлерлеринин бир бөлүгү Ооганстандан чыгарылгандан кийин Борбор Азияда калышы мүмкүндүгү тууралуу жоромолдорго жол ачты.

15-апрелде америкалык “The New York Times” басылмасы АКШнын расмий адамдары аймактагы базаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү максатында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кабарлады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Твиттерде" 22-апрелде Өзбекстандын жана Казакстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөнүн жазган. Бирок анда АКШ менен НАТОнун бул өлкөлөрдөгү аскердик базаларын пайдаланышы тууралуу кеп болгону айтылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG