Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Ооганстан: өкмөттүк күчтөр менен талибдер салгылашты


Ооганстан. Гильменддеги АКШнын аскер лагерин ооган күчтөрүнө тапшыруу учуру. 2-май, 2021-жыл.
Ооганстан. Гильменддеги АКШнын аскер лагерин ооган күчтөрүнө тапшыруу учуру. 2-май, 2021-жыл.

Ооганстандын Коргоо министрлиги соңку эки күндөгү кагылышуулардын натыйжасында жүздөн ашуун жоочу жок кылынганын кабарлады.

Ошондой эле кагылышуу учурунда "Талибан" кыймылынын 52 жоочусу жарадар болгону кабарланды. Бирок Ооганстандын коргоо министрлигинин маалыматында бул салгылаштардагы өкмөттүк күчтөрдүн жоготуулары тууралуу маалымат берилген эмес.

Ооган коопсуздук күчтөрүнүн ырасташынча, аскердик салгылаштар бир нече провинцияда, анын ичинде жоочулардын очогу болгон Кандагарда да жүрдү.

"Талибан" кыймылы өкмөттүк күчтөр менен болгон согуш аракеттери тууралуу комментарий бере элек.

20 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда ооган жергесинде зомбулук күч алганы байкалууда.

Америкалык аскерлер Ооганстандан расмий түрдө 1-майдан тартып чыгарыла баштаган. Буга чейин бекитилген план боюнча АКШ менен НАТО аскер күчтөрүн быйыл 11-сентябрга чейин Ооганстандан чыгарып бүтөт.

АКШнын аскерлери Гильменд провинциясынын түштүгүндөгү "Энтоник" аскер лагерин ооган күчтөрүнө өткөрүп берди. Бул лагерди эми НАТО менен АКШнын куралдуу күчтөрүнөн даярдыктан өткөн оогандык атайын бөлүктөр пайдаланышат.

Ооганстандын расмийлери бардык чет элдик аскер күчтөрү Баграмдагы АКШнын базасына топтолуп, андан ары өз өлкөлөрүнө кетерин жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG