Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Ташиев: чек арадагы абал курчуй баштаганын алдын ала билгенбиз


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаганы тууралуу алдын ала маалымат болгонун билдирди. Ал 2-майда Баткенде журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, кыргыз тарап мындан улам даярдык көргөнүн айтты.

"Кагылышуу болот деп эч ким билген эмес жана аны билүү мүмкүн дагы эмес эле. Бирок кайсы бир деңгээлде чек арадагы абалдын курчуп жатканы бизге белгилүү болчу. Ошого карата биз тийиштүү чараларды көргөнбүз. Ошол чаралардын кайсы бир деңгээлде пайдасы тийди",-деди Ташиев.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG