Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

COVID-19: үч бейтап көз жумду, оору дагы 277 адамга жукту


Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап көз жумду. Дагы 277 адамдан оору жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын арасынан 202 киши айыкты.

Республикалык оорулардын алдын алуу борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда билдиргендей, соңку суткада илдет аныкталгандардын 94% көбү Бишкек шаарына туура келет. Андан кийинки орунда Чүй облусу турат.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1622ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 337, айыккандар 89 921 кишини түздү.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 3-майга карата 30 минден ашуун киши вакцина алды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG