Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

УКМК кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирди


Жаңжалда кыйраган имарат. Максат айылы.
Жаңжалда кыйраган имарат. Максат айылы.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн, 3-май, саат 9:30га карата абал туруктуу экенин маалымдады.

Ага ылайык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп атышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын аскерлеринен турган комиссия аймактарды кароодон өткөрүүдө.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгаруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG