Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Президент Жапаров чек арадагы окуялар боюнча элге кайрылды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар боюнча кайрылуу жасады.

Жапаров 28-30-апрелдеги окуяга "Кыргызстандын эли үчүн тарыхый оор сыноонун да, кайгынын да күндөрү болду" деп баа берген. Ал "Кыргызстандын чек ара жана күч органдарынын күжүрмөн даярдыгы, моралдык жактан бийик маанайы жана каармандыгынын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү сакталып калганын" белгиледи.

"Тилекке каршы, чоң жоготууларга учурадык. Миңдеген жарандарыбыз жашаган жерлерин аргасыздан таштап кетүүгө мажбур болушту. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм. Элимдин уул-кыздарынын, айрыкча, 12 жашар кызымдын өлүмүнө кайгырып, ичимен кан өтүп турат",-деп билдирди Жапаров.

Президент Жапаров кырдаалды жөнгө салуунун дипломатиялык жолу гана тандалганын, тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки жолу сүйлөшкөнүн билдирди.

Садыр Жапаров ушул күндөрү курал-жарак талап кылып, Баткенге барууга ашыккан жаштарды түшүнүүгө болорун, бирок аларга курал бербей, башкалардын катасын кайталабаганын кошумчалады.

«Ошону менен бирге, чагымчылар сырткы күчтөрдөн дагы коркунучтуу экенин унутпашыбыз керек. Өзүбүздүн күч органдарыбыздын аракеттерине жолтоо болбоо үчүн тартипти сактоо маанилүү болчу. Өз кезегинде биз өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүздү чектеш мамлекеттин айыл-кыштактарын басып алып жана тынч элге кол салып, үйлөрүн талкалоого эч качан жол бербейбиз. Кыргызстандын чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бердим»,-деп билдирди президент.

Жапаров чатак ырбаса мындан да чоң жоготуулар болмоктугун эскертти. Ал жаңжал учурунда үй-жайын таштап качкандарды үйлөрүнө кайтууга чакырды. Ал эми талкаланган, өрттөлгөн тамдар калыбына келтирилерин убада кылды.

Садыр Жапаров бул иште жардамын аябаган эл аралык коомчулукка ыраазычылык билдирип, мындан ары жаңжалды алдын алуу үчүн эки тараптын кадырлуу адамдардан тургун тынчтык сактоо комиссиясын түзүүнү сунуштаганын кошумчалады.

Жапаров окуяны териштирүүгө тапшырмасы берилгенин айтып, «чагымчыларга жетеленбөөгө» чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG