Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Баткендик жаштар программисттикке акысыз окутулат


«Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо» боюнча долбоорунун алкагында баткендик жаштар акысыз түрдө программист кесибине окутулат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров кабарлады. Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан соң баткендик улан-кыздарды акысыз окутуу чечими кабыл алынган.

«Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо» боюнча долбоорун бир жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз. Анын алкагында өлкөбүздүн аймактарындагы талантуу жаштар программалоо боюнча билим алып келет. Бул үчүн символикалуу гана акы төлөйт. Акыркы окуялардан соң биз Баткен облусундагы өспүрүмдөрдү акысыз түрдө программисттикке окуталы деп чечтик. Бул ишти баштадык. Буга кызыккан жаштар бизге кайрылса болот. Айрыкча Баткендеги кыздарга ушул багытта билим берүүгө басым жасайбыз».

Азис Абакировдун айтымында, долбоордун катышуучулары онлайн форматта жана Кызыл-Кыядагы IT-лицейде билим ала алышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG