Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Чек арадагы коогада жабыркаган 99 киши ооруканада


Көк-Таш айылында тартылган сүрөт. 1-май, 2021-жыл.
Көк-Таш айылында тартылган сүрөт. 1-май, 2021-жыл.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Ализа Солтонкулова чек арадагы коогада жабыркагандардын арасынан 99 киши ооруканада жатканын билдирди.

"Алардын бири өтө оор, үчө орточо оор абалда. Мамлекеттик бейтапканаларда дарыланышууда", деди ал 3-майда Бишкектеги брифингде.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак-жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Жаңжал жер талаш катары мүнөздөлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG