Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Ооган күчтөрү бир районду талибдерден бошотту


Ооган армиясынын соңку операциясынан сүрөт, 5-апрель, 2020-жыл
Ооган армиясынын соңку операциясынан сүрөт, 5-апрель, 2020-жыл

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү 4-апрелде Кандагар провинциясынын түштүгүндө талибдерди сүрүп чыгып, Аргандаб районун кайтарып алышты.

Расмий маалыматтарга ылайык операциянын жүрүшүндө 37 согушкер өлтүрүлүп, 28и жарадар болгон. Коопсуздук күчтөрү талибдер 90 мотоциклди таштай качканын, ошондой эле аларга таандык курал-жарактар жок кылынганын маалымдашты.

Өкмөттүк күчтөрдүн «Талибан» кыймылы менен кагылышуусунда жергиликтүү тургандар да жабыркап, үй-жайларын таштай качууга аргасыз болушкан. Бирок, жай тургундардын арасында жарадар болгондор, же каза болгондор тууралуу расмий маалымат берилген жок.

Кандагардагы атайын батальондун командачысы Сарбуланд «Tolonews» агенттигине «Аргандаб – калк жыш жайгашкан район. Адамдарга зыян келтирбеш үчүн биз өтө тактык менен иштедик» деп айтты.

Расмий өкүлдөр талибдер Аргандабдагы жолдордун боюна миналарды коюп кетишкенин, бул жергиликтүү качкындардын үйлөрүнө кайтышын кечеңдетерин белгилешет.

4-апрелде Кабулдан анча алыс эмес Пагман районунда жол боюнда мина жарылып, ооган күчтөрүнүн бир кызматкери каза таап, үчөө жарадар болгон.

«Tolonews» агенттиги кабарлагандай, март айында болгон бир катар жардыруулардан жана кол салуулардан 300дөн көп адам каза болуп, 350дөн ашууну жараат алды. Мартта февралга салыштырмалуу жардыруулардын жана чабуулдардын саны 20 пайызга көбөйгөн.

Былтыр Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясы жалпысынан үч миңден көп жайкын тургун мүрт кетип, беш миңден ашууну жарадар болгонун каттаган.

Ооганстандагы качкындар лагери
Ооганстандагы качкындар лагери

Ооганстандагы дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери уланып келаткан жаңжалды токтотуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр соңку маалда активдешти. Өткөн айда Москвада Ооганстан боюнча тынчтык жыйын өтүп, ага ооган бийлиги жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары жыйынга АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад, Кытайдын, Пакистандын, Ирандын өкүлдөрү да келишкен.

Азыркы кезде «АКШнын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу кырдаалды дагы курчутпайбы?» деген суроо актуалдуу бойдон турат.

Былтыр АКШнын мурдагы президент Дональд Трамптын администрациясы «Талибан» кыймылы менен Доха келишимине кол койгон. Андан кийин Ооганстанда талибдердин чет элдик аскерлерге кол салуулары дээрлик токтоп калган, бирок Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөттүк кызматкерлерге каршы чабуулдары уланууда.

17-мартта АКШнын президенти Жо Байден ал келишимдин шарттарына ылайык 1-майга чейин Ооганстандан акыркы 2500 америкалык аскерди чыгарып кетүү «кыйын» болоорун айткан.

«Мурунку президенттин маалында кабыл алынган бул келишим бекемделген эмес, тыкыр иштелип чыккан эмес. Ошон үчүн биз азыр өнөктөштөрүбүз, ошондой эле өкмөт менен кеңешип жатабыз. Бул боюнча иш жүрүп жатат, бир чечим кабыл алынат».

Доха келишимине ылайык талибдер расмий Кабул менен ок атышууну токтотуу жана бийликти бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү убада кылган, бирок оогандардын ички тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурап калды.

Буга кошумча талибдер «Ал-Каида» террорчул тармагы менен өз ара байланышын үзүү жана ар кандай чет элдик террорчуларга башпаана бербөө сыяктуу коопсуздук кепилдиктерин алышы керек болчу.

Ооганстанда АКШ баштаган НАТОнун аскердик бөлүктөрүндө азыркы учурда 9600 жоокер кызмат өтөөдө.

Байдендин билдирүүсүнөн кийин 26-мартта ооган талибдери эгерде Ооганстандагы чет элдик аскерлер майга чейин чыгып кетпесе, анда өлкөдөгү «согуш аракеттерин кайра баштайбыз» деп коркутту.

Андан соң Жо Байдендин администрациясы Ооганстан өкмөтү менен талибдердин ортосунда Түркияда апрелде сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу БУУнун колдоосу менен өтө турган бул жолугушуу Стамбул шаарында болот деп билдирген.

Марттын соңунда Душанбедеги саммитте ооган президенти Ашраф Гани өз өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жана бийликти шайланган мураскорго өткөрүүгө даяр экенин жарыялады.

Расмий булактын маалыматына караганда, Түркияда өтчү тынчтык конференциясында «шайлоодо бурмалоо болот деген күмөн саноону жокко чыгаруу үчүн» президент Гани жана эки вице-президент ага катышпоого даяр экенин жарыялашы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG