Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Ооганстан: Ашраф Гани бийликти өткөрүп берүүгө даяр


Ашраф Гани Тажикстандагы саммит учурунда.
Ашраф Гани Тажикстандагы саммит учурунда.

Ооган президенти Ашраф Гани өз өлкөсүндө эрте шайлоону өткөрүүгө жана бийликти шайланган мураскорго өткөрүүгө даяр экенин жарыялады.

Ооган президенти Ашраф Гани мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу позициясын 30-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн “Азиянын жүрөгү-Стамбул жараяны” деп аталган аймактык саммитте айтып чыкты.

Ал Ооганстанда кезексиз шайлоону өтө колдой турганын жана бийликти шайланган мураскорго өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

"Мен шайлоону мүмкүн болушунча эртерээк өткөрүүнү абдан колдойм. Менин эң чоң сыймыгым бул - шайланган мураскорума ыйгарым укуктарды тапшыруу".

Ганинин планы боюнча, саясий келишимди Ооганстандын парламенти бекитип, эл аралык коомчулуктун көзөмөлү алдында өлкөдө ок атуу токтотулушу керек. Жаңы өкмөттү түзүү Конституцияга ылайык жана эл аралык кепилдиктердин алдында жүрүшү абзел.

Тажикстандагы саммит Кошмо Штаттар баш болгон бир нече өлкө Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү жандантууга аракет кылып жаткан учурда өттү. Анда дүйнө өлкөлөрү Ооганстанда өткөөл өкмөттү түзүү аркылуу тынчтык сүйлөшүүлөрдү илгерилетүү сунушталып жатат. Бирок Ашраф Гани шайлоосу жок эле өткөөл өкмөттү түзүүгө макул болбой келет. Ал алгач өлкөдө шайлоо өткөрүп, анын натыйжасында гана президенттик кызматын тапшырып берүүнү каалай турганын айтууда.

Ашраф Ганинин кезексиз шайлоо менен кызматтан кетүүгө даяр экени буга чейин айтылып келген. Өткөн апталарда ооган өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына ооган президентинин сөз болуп жаткан планы жөнүндө айтып берген. Гани өз ниетин кийинки айда Түркияда өтчү тынчтык конференциясында жарыялайт деп билдирген болчу.

Расмий булактын маалыматына караганда, шайлоодо бурмалоолор болот деген күмөн саноону жокко чыгаруу үчүн президент Гани жана эки вице-президент ага катышпоого даяр экенин жарыялашы мүмкүн.

Бирок “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү дароо эле бул планды четке кагышкан.

Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу боюнчарасмий Кабул менен талибдердин ортосундагы Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөр соңку мезгилде жыйынтыксыз болууда. Ошол эле кезде Ооганстанда зомбулук, жардыруулар көбөйүп жатат. Мындай кырдаалда "АКШнын аскерлерин өлкөдөн чыгаруу кырдаалды дагы курчутпайбы?" деген суроо актуалдуу бойдон турат.

"Талибан" кыймылы АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынан мурдагы мамлекет башчы Дональд Трамптын тушундагы макулдашуунун негизинде америкалык аскерлерди Ооганстандан май айында чыгарып кетүүнү талап кылышууда. Учурда 2500дөн ашык америкалык аскер жергиликтүү күчтөргө коопсуздук күчтөрүнө көмөктөшүп келет. Байден майга чейин жоокерлерди чыгарып кетүү кыйын болорун билдирген:

Жо Байден
Жо Байден

“Тактикалык жактан алганда аскерлерди чыгарууга 1-майга чейинки мөөнөттө жетишүү кыйын”.

Ооганстандагы дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери бери уланып келе жаткан жаңжалды токтотуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр соңку маалда активдешти. Ушул айда Орусиянын борбору Москвада Ооганстан боюнча тынчтык жыйын өтүп, ага ооган бийлиги жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары жыйынга АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад, Кытай, Пакистан, Ирандын өкүлдөрү да барды.

Ал эми Тажикстандагы “Азия жүрөгү – Стамбул жараяны” деп аталган аймактык саммит Ооганстан менен Түркиянын биргелешкен демилгеси. Алгачкы саммит 2011-жылы 2-ноябрда Стамбул шаарында өткөн. Бул жыйын Ооганстан, Түркия менен катар Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Расмий Бишкектин атынан Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустанбеков жыйынга катышты.

Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөрдө соңку мезгилде расмий Вашингтон жана Москва менен катар Түркия да активдүү болууга аракеттенгени байкалууда.

Жакында АКШ президенти Жо Байдендин командасы Ооганстандын бийлиги менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүнү апрелде Түркияда сунуштады.

Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу БУУнун колдоосу алдындагы жолугушуу Стамбул шаарында өтөрүн жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG