Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Кабулда профессор өлтүрүлдү, Катарда сүйлөшүү жанданды


Нангархар провинциясында өлтүрүлгөн журналисттин сөөгүн жерге берүү зыйнаты (2021-жылдын 3-марты).
Нангархар провинциясында өлтүрүлгөн журналисттин сөөгүн жерге берүү зыйнаты (2021-жылдын 3-марты).

Ооганстандын Нангархар провинциясында 2-мартта телеканалдын үч аял кызматкери өлтүрүлдү. Ал үчүн жоопкерчиликти өзүнө «Ислам мамлекети» террордук тобу алды. Бир күндөн кийин Кабул университетинин профессорун белгисиз жоочулар атып кетишти.

Enikass TV каналынын директору Залмай Латифинин айтымында, телеканалдын кызматкерлерин алар 2-мартта кечинде жумуштан чыгып үйлөрүнө баратышканда атып кетишкен. Набыт болгондор 20 жашка чыга элек, мектепти жакында эле бүткөн кыздар эле.

-Enikass TV каналы үчүн дагы бир кайгылуу күн. Тилекке каршы, Мурсал Хабиби, Садия жана Шахназ каза болду. Алар үн коштогон департаменттеги биздин эр жүрөк кесиптештерибиз болчу. Бирок, алар бүгүн эки башка өз алдынча кол салууда мүрт кетишти, - деди Залмай Латифи.

Нангархар провинциясынын полиция башчысы Жомагул Хеммат кол салган адам кармалганын айтты. Ал "Талибан" кыймылына катыштыгы бар, Пакистанда даярдоодон өткөн Кари Басир аттуу адам экенин маалымдаган. Бирок, талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид бул маалыматты четке какты. Көп өтпөй «Ислам мамлекети» радикал тобу жоопкерчиликти өзүнө алды.

Бул Enikass TV каналынын кызматкерлерине жасалып жаткан алгачкы чабуул эмес. Былтыр декабрда каналдын алып баруучусу жана анын айдоочусу өлтүрүлгөн. Ал үчүн дагы жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу алган.

Кабулда профессор өлтүрүлдү

Ал эми 3-мартта Кабул университетинин профессору, диний ишмер Фаиз Мохаммад Файезди белгисиз жоочулар атып кетишти. Ага эртең менен мечитке намазга баратканда кол салышкан. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна алган жок.

Эки апта мурда Кабул университетинин эки окутуучусу машинеге коюлган бомба жарылып, жан таслим болушкан. Ал кол салуунун артында дагы ким турганы белгисиз.

Соңку айларда Ооганстанда журналисттерге, жарандык активисттерге жана расмий бийликтин өкүлдөрүнө жасалган кол салуулар күч алды. Укук коргоочулар билдиргендей, чабуулдар өлкөдөгү жарандык коомдун оозун жабууга багытталган.

Катарда сүйлөшүүлөр жанданды

Ушул тапта Ооганстандагы дээрлик 20 жылга созулган согушту токтотуу максатында «Талибан» кыймылы менен расмий Кабулдун ортосунда сүйлөшүүлөр Катарда жүрүп жатат. Кошмо Штаттар менен талибдер былтыр жыл башында кол койгон келишимге ылайык ушул жылдын май айына чейин Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылып кетмек.

Ал эми «Талибан» өлкө ичиндеги чабуулдарын токтотуп, «Аль-Каида» сыяктуу террордук топтор менен байланыштарын үзүшү шарт эле. Анткен менен АКШ жана НАТО дагы талибдер келишимдин шарттарын толук аткарып жатканынан күмөн санашат.

Эки жума мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг «Талибанды» АКШ менен түзүлгөн келишимдин шарттарын сактоого үндөп, Ооганстандан коалиция аскерлеринин чыгып кетиши өлкөдөгү абалдан көз каранды экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG