Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Байден АКШ жоокерлерин Ооганстандан толук чыгаруу мөөнөтүн ачыктады


Президент Жо Байден Ооганстандагы жана Ирактагы аскердик өнөктүк маалында курман болгон америкалык жоокерлердин бейиттери бар Арлингтон улуттук көрүстөнүндө болду. Арлингтон шаары, Виржиния штаты, АКШ. 2021-жылдын 14-апрели.
Президент Жо Байден Ооганстандагы жана Ирактагы аскердик өнөктүк маалында курман болгон америкалык жоокерлердин бейиттери бар Арлингтон улуттук көрүстөнүндө болду. Арлингтон шаары, Виржиния штаты, АКШ. 2021-жылдын 14-апрели.


Президент Жо Байден шаршембиде (14-апрелде) Ооганстандан америкалык аскерлердин чыгып кетишинин мөөнөтү жөнүндө чыгып сүйлөп, 11-сентябрга карата бул иш-аракет толук жүзөгө аша тургандыгын тастыктады. Анын сөзү АКШда каршы болгон жана колдогон кайчы пикирлерди жаратты.

АКШнын президенти Жо Байден шаршемби күнү чыгып сүйлөп, 2001-жылдагы Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна жана Вашингтондогу Пентагонго болгон террордук чабуулдардын 20 жылдыгына карата АКШнын бардык аскерлерин 11-сентябрдан кечикпестен Ооганстандан чыгарып кетээри жөнүндө билдирди.

"Биз, өз аскерлерибиздин чыгып кетиши үчүн идеалдуу шарттарды жаратууга жана башкача жыйынтыкка ээ болууга үмүттөнүп, Ооганстандагы аскерди кармоону улантуунун же кеңейтүүнүн буга чейинки чынжырын мындан ары уланта албайбыз", – деди Байден.


«Мен – Американын Ооганстанда аскер кармоосунун шартында (АКШны) башкарган төртүнчү президентмин. Эки республикачы. Эки демократ (башкарып келишти)... Мен бул жоопкерчиликти эми бешинчи президентке жүктөп отурбаймын», – деп Байден кошумчалады.

«Шериктештерибиз жана өнөктөштөрүбүз, аскер жетекчилерибиз жана чалгындоо адистерибиз, дипломаттарыбыз жана өнүгүү боюнча адистерибиз менен, ошондой эле Конгресс жана вице-президент менен кеңештим да, мен Американын эң узак согушуна чекит коюуга убакыт жетти, деген тыянакка келдим. Америкалык аскерлердин өх атажуртуна кайтуусуна мезгил келди ", – деди АКШнын мамлекет башчысы.

Президент Жо Байден Ооганстан менен Иракта аскердик өнөктүк маалында курман болгон америкалык жоокерлердин элесине багыштап гүлчамбар койду. Арлингтон улуттук көрүстөнү. Виржиния штаты, АКШ. 2021-жылдын 14-апрели.
Президент Жо Байден Ооганстан менен Иракта аскердик өнөктүк маалында курман болгон америкалык жоокерлердин элесине багыштап гүлчамбар койду. Арлингтон улуттук көрүстөнү. Виржиния штаты, АКШ. 2021-жылдын 14-апрели.

Президент Жо Байден өз билдирүүсүнөн соң 14-апрелде түштөн кийин Виржиния штатындагы Арлингтон шаарына келип, Арлингтон улуттук көрүстөнүндө болду. Мындагы 60-бөлүктө Ооганстандагы жана Ирактагы аскердик өнөктүк маалында курман болгон мекендеш жоокерлердин сөөктөрү жерге берилген.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен НАТО боюнча ынтымакташтар менен аскерлерди чыгаруу долбоорун талкуулоо үчүн Брүсселде жүрөт. Блинкен мырза Америка Кошмо Штаттары Ооганстандын келечегин камсыз кылуу милдеттерине берилген бойдон кала берээрин айтты.

"Биз алдыбызга койгон максаттарга биргеликте жетиштик, эми болсо өз (аскер) күчтөрүбүздү атажуртка кайтаруу кезеңи келди", – деди Блинкен.

Президент Байдендин чечимине ылайык, 1-майдан кийин Ооганстанда 3 миңдей америкалык жоокер сентябрдын 11ине чейин убактылуу кала бермекчи.

Ал эми былтыр Доналд Трамп АКШнын президенти болуп турган кезде Ак Үй оогандык талиптер кыймылынын жетекчилиги менен түзгөн келишим боюнча АКШнын жоокерлери 2021-жылдын 1-майына карата Ооганстандан чыгып кетүүгө тийиш болчу.


Ал эми АКШнын президентинин кеңсесинин бир жогорку кызматкери 13-апрелде мындай деп билдирген:

«Биз аскер күчтөрү Ооганстандын ички саясий көйгөйлөрүн чече албай тургандыгын жана Ооганстандагы ички чыр-чатакты токтото албастыгын эчактан бери билебиз. Биз аскердик өнөктүктөрүбүздү соңуна чыгарабыз... жана күч-аракеттерибизди тынымсыз жүрүп жаткан тынчтык жүрүмүн дипломатиялык аргалар менен колдоого топтомокчубуз».

АКШ жоокерлери ооган жоокерлеринин машыгуусуна катышууда. Герат вилайети, Ооганстан. 2019-жылдын 2-февралы.
АКШ жоокерлери ооган жоокерлеринин машыгуусуна катышууда. Герат вилайети, Ооганстан. 2019-жылдын 2-февралы.


Байдендин Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү чечими жөнүндөгү кабар АКШнын чалгындоо кызматынын тынчтык келишими аскердик жактан алганда талиптик кыймылдын чырагына май тамызат ко деп божомолдогон баяндамасы жарым-жартылай жарыяланган күнү шардана болду.


Ал эми америкалык аскерлердин Ооганстанда кармалып жатышын сынга алгандар болсо аскерлерди бул өлкөдөн чыгарып кетүү маселеси алдын-ала чечилген деп эсептешет.

Брукингс институтунун улук илимий кызматкери Майкл О'Хэнлон алардын турумун мындайча чагылдырат:

"...Биз баары бир жеңилүү ызасына кириптер болмокпуз, же ...биздин ынтымакташтар баары бир бийликти колдон чыгарышмак, ошондуктан эмне үчүн кеч калгандан көрө, эртерээк чыгып кетпешибиз керек? – дешет. Менимче, бул – туура эмес жүйөө", – деп О'Хэнлон баса белгилейт.

"Дүйнөнүн бул бөлүгү буга чейин 11-сентябрдагы (каргашалуу) окуяларынын башаты болгон. Эми бул аймак келечекте эл аралык террорчулар баш калкалай турган ири бейтарап чөлкөмдөрдүн бири болуп калышы ыктымалдан алыс эмес" – дейт серепчи О'Хэнлон мырза.

Ал эми Пакистандын АКШдагы мурдагы элчиси Хусейн Хаккани: "Эми чыныгы көйгөй мындайча турат: деги АКШ өз аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Кабул өкмөтүнө жана ооган элине талиптерди ооздуктоого жардам берүүсүн уланта береби?" – деген суроону кабыргасынан коёт.


Айрым серепчилер АКШ аскерлеринин Ооганстандан биротоло чыгып кетиши буга чейин эле эскичил динчилердин террорунан далай азаптарды чеккен ооган элине оор кесепеттер алып келет деп чочулашат.

"Бул – Сириянын кебетесин кийип калышы мүмкүн... Анда өз ара атаандашкан чөлкөмдөрдүн жамаачыланган жуурканы келип чыкты жана он миңдеген эмес, жүз миңдеген кишилер набыт кетишти жана мында миллиондогон качкындар пайда болуп, алигиче жалпы башаламандык өкүм сүрүп жатат..." – деп серепчи О'Хэнлон эскертет.


2001-жылдын кеч күзүнө чейин Ооганстандагы кыска мөөнөттүк өкүм жүргүзгөн учурунда талиптердин эскичил режими калайыктагы либералдык жана реформачыл маанайдагы катмарларга жана илим-билимге умтулгандарга каршы кеңири өлчөмдө куугунтук жана ырайымсыз жазалоолор уюштурган.

Эми АКШ өз аскерин чыгарып кеткен соң, талиптерге такаат кылып, кырдаалга жеринен таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт, деген санааркоолор да айтылып жатат.

АКШ Сенатынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы, демократ Боб Менендес "эгерде (оогандык) жарандык коом аялдар буга чейин жетишкен укуктардан баш тартса", анда расмий Вашингтон Ооганстанга каржылык жардамды токтотуп салышы мүмкүн, деп билдирди.

Ал эми бир катар көрүнүктүү республикачы сенаторлор демократ президент Байдендин Ооганстандан аскер чыгарып кетүү тууралуу чечимин кескин сынга алышты.

Республикачы сенатор Митч МакКоннелл. Вашингтон. 2020-жылдын 25-марты.
Республикачы сенатор Митч МакКоннелл. Вашингтон. 2020-жылдын 25-марты.


Сенаттагы республикачы азчылыктын жолбашчысы Митч МакКоннелл өз билдирүүсүндө Байдендин өкмөтү жүрөксүздүк кылып, Ооганстандагы күрөштөн баш тартууну болжоп жатат", – деп бийликти сындады.

Республикачы сенатор Лесли Грэм мырза: "Аскерлерди Ооганстандан толугу менен чыгарып кетүү... каргышка калган шайтандын ишиндей опурталдуу", – деп кескин айтты.

Байдендин бул чечимин жогору баалагандар да бар. Алар АКШ жеңишке он жыл мурдагыдай эле эч караандабай келет, болочокто деле майнапсыз далаалат кылына бермек, деп санашат.


Ал эми Куинси институтунун башкы аткаруучу директору, куралсыздануу күрөшүнүн ардагери Лора Лумпе айым болсо: «Америка доошу» үналгысына курган маегинде: "Вашингтондо... согушту баштоодон көрө, аны аяктоо кыйыныраак", – деп айтып, Байдендин өкмөтү бул кадамы менен колдоого гана арзыйт деген ою менен бөлүштү.

P.S. Айтмакчы, Куинси институту (The Quincy Institute for Responsible Statecraft – “Жоопкерчиликтүү мамлекеттик башкаруу боюнча Куинси институту”) серепчилик борбору 2019-жылы түзүлгөн жана АКШны 1825–1829-жылдары башкарган алтынчы президент Жон Куинси Адамстын (1767–1848) ысымы менен аталган. Бул илимий жана серепчилик борбор дүйнө жүзүндө тынчтыкты орнотууда согуш аргаларын четке кагып, натыйжалуу дипломатия усулдарын жана идеяларын жайылтууну максат кылат.

XS
SM
MD
LG