Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Блинкен Ооганстандагы аскерлерин сентябрга карата чыгарарын жарыялады


Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 14-апрелде Брюсселдеги Түндүк атлантикалык альянстын кеңсесинен жасаган телекайрылуусунда билдирди. Ал Вашингтон Ооганстандан аскерлерин чыгарууну НАТОдогу өнөктөштөрү менен бирге координациялайт деп убада берди.

«Биз биргеликте коюлган максатка жеттик жана өз аскерлерибизди үйүбүзгө кайтарууга мезгил келди»-деди Блинкен.

14-апрелде Энтони Блинкен жана АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Брюсселде НАТОнун тышкы иштер жана коргоо министрлеринин жыйынына катышты.

АКШнын Ооганстандан аскерлерин сентябрда чыгаруу чечимин жарыяларын буга чейин америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Ага ылайык, Кошмо Штаттардан президенти Жо Байден 14-апрелде буга байланыштуу атайын билдирүү жасамакчы.

Мындай жол менен АКШ бийлиги 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук чабуулдан 20 жыл өткөн соң өз аскерлерин Ооганстандан чыгарганы жатат. . Бул чабуулдан соң террорчулукка каршы АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанга киргизилген. Учурда бул өлкөдө кеминде 2,5 миңдей америкалык аскер бар. Аларды НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жети миңдей жоокери колдоого алып келет.

АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын администрациясы былтыр “Талибан” кыймылы менен тынчтык келишимин түзүп, америкалык аскерлерди 2021-жылдын 1-майына карата бул өлкөдөн чыгарып кетүүгө убада кылган.

Бул үчүн «Талибан» зомбулукту токтотуп, «Аль-Каида» сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү керек болчу. АКШнын быйыл кызматка киришкен президенти Жо Байден талиптер тарабынан тынчтык келишимдин шарттарын аткаруу маселесин кайра карап чыгарын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG