Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

АКШ коргоо министри Остин Кабулга барды


АКШ коргоо министри Ллойд Остин Кабул шаарында. Ооганстан. 2021-жылдын 21-марты.
АКШ коргоо министри Ллойд Остин Кабул шаарында. Ооганстан. 2021-жылдын 21-марты.

АКШ коргоо министри Ллойд Остин 21-мартта Ооганстанга мурда жарыяланбаган иш сапар менен барды.

Президент Жо Байден өткөн аптадагы интервьюсунда Ооганстандагы аскерлерди 1-майга чейин чыгарып кетүү кыйын болоорун айткан.

Сөз болгон мөөнөт былтыр мурдагы президент Доналд Трамптын бийлиги менен Ооганстандагы талиптер кыймылынын өкүлдөрүнүн ортосунда макулдашылган.

Быйыл январда бийликке келген президент Жо Байден бул мөөнөт бир нече убакытка создугушу ыктымал деп айтты. NBC News каналы эки башка булакка шилтеме жасап, Байден АКШ аскерлеринин мындагы бөлүгүн ноябрга чейин кармап турууну караштырып жатканын маалымдады.

АКШнын коргоо катчысы (министри) Ллойд Остин. Вашингтон. 2021-жылдын 19-февралы.
АКШнын коргоо катчысы (министри) Ллойд Остин. Вашингтон. 2021-жылдын 19-февралы.

Жекшембиде (21-мартта) ооган мамлекет башчысы Ашраф Гани менен сүйлөшүүдөн кийин Остин америкалык жоокерлерди чыгаруу мөөнөтү тууралуу пикир айтуудан баш тартып, бул маселени президент Байден чече тургандыгын билдирди.

19-мартта талиптер кыймылынын жетекчилери эгерде расмий Вашингтон аскерлерин мурда белгиленген убакытта чыгарып кетпесе, анда бул - келишимди бузуу болуп сана тургандыгын жана мындай кадамга карата тийешелүү жооп болоорун эскертти.

Ал эми Кабул өкмөтү болсо талиптерди өз ара тынчтык сүйлөшүүлөр башталган былтыркы сентябрдан бери кан төгүүнү токтотуу үчүн иш жүзүндө өтө аз далаалат кылып жатат деп айыптап келет.

Москвадагы жыйында Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай (солдон экинчи) талиптик өкүлдөрдү карап турат. Орусия. 2021-жылдын 18-марты.
Москвадагы жыйында Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай (солдон экинчи) талиптик өкүлдөрдү карап турат. Орусия. 2021-жылдын 18-марты.

Ооган өкмөтү жана талиптер кыймылы өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү тууралуу 18-мартта Москвада өткөн жыйында макулдашкан. Бул тууралуу Ооганстандын улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла орусиялык маалымат каражаттарына билдирген. Москвадагы жыйында кандайдыр-бир документке кол коюлган эмес.

Жакында Жо Байдендин өкмөтү Ооганстан өкмөтү менен талиптердин ортосунда Түркияда апрелде сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу БУУнун колдоосу менен өтө турган бул жолугушуу Стамбул шаарында болот деп билдирген.

XS
SM
MD
LG