Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

Улукбек Марипов: "Головной" эч качан берилбейт


Улукбек Марипов жаңжал болгон аймакта. 3-май, 2021-жыл.
Улукбек Марипов жаңжал болгон аймакта. 3-май, 2021-жыл.

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жай Тажикстанга эч качан берилбей турганын билдирди. Бул тууралуу 4-майда Баткен облусунда куралдуу жаңжалда жабыркаган эл менен жолугушканда айтты:

"Бул суу бөлүштүрүүчү жайдын үстүндө "Кайырма" деген канал бар. "Кайырманын" башы үч куб. Бирок 1992-жылкы Алматадагы келишим бузулуп, бизди укпай, 2016-жылы ошол үч кубду 23 кубга чейин чоңойткон. Мен ошол тууралуу айтканмын. Мен аны Баткенге күйүп айттым. Головнойго менчелик күйгөн адам болсо, келсин, жооп берем. "Головной" эч качан аларга (Тажикстанга - ред.) берилбейт", -деди Марипов.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, суу бөлүштүрүүчү жайга келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.

Мариповдун "Головной" тууралуу буга чейинки кеби кыргыз-тажик чегиндеги кагылышка шыкак берген болушу мүмкүндүгү коомчулукта айтылып келатат.

“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган.

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайды чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылганын, бирок Кыргызстан ал сунушка макул болбогонун билдирген.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал "Головной" суу сактагычында тутанган. Коогада набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Ооруканаларда 100 адам жатат.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы коогага байланыштуу кылмыш иштерин козгошту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG