Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Мехико метросундагы кырсыктан кеминде 20 адам мерт болду


Мексикодогу метро кырсыгы, 4-май 2021-жыл.
Мексикодогу метро кырсыгы, 4-май 2021-жыл.

Мексиканын баш калаасы Мехикодогу метро кырсыгында кеминде 20 адам мерт болуп, 70тей киши жаракат алды. Расмий маалыматка ылайык, дүйшөмбүнүн кечинде поезд өтүп бара жатканда дээрлик беш метр бийиктиктеги метро линиясы кыйрап түшкөн. Натыйжада поезддин вагондору асма көпүрөнүн алдындагы бери дегенде бир автоунаанын үстүнө кулаган.

"Тилекке каршы, каза болгондордун арасында балдар да бар", - деп билдирди Мехиконун мэри Клаудия Шейнбаум.

Урандылардын алдында да адамдар бар экени, андыктан каза тапкандардын саны өсүшү мүмкүндүгү айтылууда.

Кырсык "12-линия" аттуу метро тилкесинде болгон. 2012-жылы ишке берилген тилкенин курулушу бир топ эреже бузуулар тууралуу айыптоолор менен коштолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG