Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Евробиримдикке кирүүгө бекитилген вакцина менен эмделгендерге гана уруксат берилет


Еврокомиссия коронавируска каршы Евробиримдикте катталган вакциналар менен гана сапардан эки жума мурда эмделген чет элдиктерди аймакка киргизүүгө уруксат берүүнү сунуштады.

Бул тууралуу Еврокомиссиянын сайтына чыккан билдирүүдө айтылат. Мындай чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чукул кырдаалда колдонууга уруксат берген препараттар менен эмделгендерге да тиешелүү.

Азыркы мезгилде Евробиримдиктин аймагында "AstraZeneca", "Pfizer/BioNTech", "Moderna" жана "Johnson & Johnson" компанияларынын вакциналары каттоодон өткөн.

Орусиянын "Спутник V" препараты март айынан бери Европа дары-дармектер агенттигинин бекитүүсүн күтүп турат. Ошондой эле орусиялык бул вакцина ДССУ сунуштаган препараттардын тизмесинде жок.

Ошол эле кезде Евробиримдиктин эки өлкөсү - Мажарстан менен Словакия уюмдун борборлоштурулган сатып алуу тутумуна киргизиле элек болсо дагы орусиялык вакцинаны өз алдынча сатып алган. Мажарстан аны колдонууга киргизген. Словакия азырынча колдоно элек. Бул өлкөдө Евробиримдик беките элек орусиялык вакцинаны сатып алуу премьер-министрдин кызматтан кетишине негиз берген саясий кризисти жаратты.

Азыр Мажарстан COVID-19 илдетине каршы Кытайдын "Sinopharm" вакцинасын колдонгон Евробиримдиктеги жалгыз өлкө.

Эгерде жакын арада ал вакцина Евробиримдиктин аймагында бекитилбесе, анда орусиялык туристтерде башка мүмкүнчүлүк болот. Анткени Европа комиссиясы коронавирус соңку 14 күндө 100 миң адамга 100дөн ылдый учур катталган өлкөлөрдүн жарандарына Евробиримдиктин аймагына киргүүгө уруксат бериши мүмкүн.

Ал эми расмий маалымат боюнча Орусияда азыр бул көрсөткүч талаптагыдан бир топ төмөн. Ошол үчүн орус жарандарына Евробиримдикке киргенге мүмкүнчүлүк бар экени көрсөтүлгөн.

"Financial Times" басылмасы жазгандай, март айынын башында Еврокомиссия дипломатиялык өкүлчүлүктөргө туристтик сезонго карата чектөөлөрдү алуу үчүн ковид-паспорт принцибин киргизүүнү сунуштады. Буга чейин Евробиримдиктин лидерлери эмдөөлөр тууралуу электрондук тастыктама киргизүүнү макулдашкан. Бирок Евробиримдиктин кээ бир өлкөлөрү мындай документти киргизүү вакцина таңсык болуп, эмдөөдөн өтө албагандардын укугун басмырлай турганын айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG