Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

АКШдагы кыргызстандыктар БУУнун алдына акцияга чыгышты


АКШдагы кыргыздар БУУнун алдына акцияга чыгышты. 03.05.2021
АКШдагы кыргыздар БУУнун алдына акцияга чыгышты. 03.05.2021

Кошмо Штаттарындагы кыргыз диаспорасы 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына акциясына чыгышты.

Алар 28-29-30-апрель күндөрү Баткендеги чек арада болгон куралдуу кагылышта тажик тараптан карапайым калкка ок атылганын айыпташты.

Акцияга чыккандар чек арада өмүрү кыйылган жеткинчек кыз Мадинанын жана чырдын айынан ооруканага жетпей каза болгон беш жаштагы баланын сүрөтүн кармап турушту.

Уюштуруучулардын айтымында, кыргыз диаспорасы Баткенде жапа чеккен тургундарга жардам катары 86 миң доллар чогултушкан.

2-майда Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.

Алар кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышка эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө үндөшкөн. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG