Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Евробиримдик: Орус элчиси жолугушууга чакыртылды


Брюссель. Евробиримдиктин имараты.
Брюссель. Евробиримдиктин имараты.

Евробиримдиктин сегиз дипломатына Орусияга барууга тыюу салган Москванын чечимине байланыштуу орусиялык элчи жолугушууга чакыртылды. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин өкүлү Питер Стано билдирди.

«Түштөн кийин Европа комиссиясынын баш катчысы жана Европа тышкы байланыштар кызматы буга карата чечкиндүү айыптоосун жана каршылыгын билдирет».

Өткөн жумада Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сегиз европалык дипломатка санкция киргизген. Алардын арасында Еврокомиссиянын баалуулуктар жана айкындуулук боюнча вице-президенти Вера Юрова менен Европа парламенттинин президенти Девид Сассули да бар.

Мындан мурун Евробиримдик Орусиянын эки жаранын Чеченстандагы куугунтуктар үчүн «кара тизмеге» киргизген. Өткөн айда орус президенти Владимир Путиндин айланасындагы төрт аткаминерге да санкция киргизилген.

XS
SM
MD
LG