Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды оңдоого 700 млн. сом бөлүндү


Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн үйлөрдүн бири. Баткен. 03.05.2021
Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн үйлөрдүн бири. Баткен. 03.05.2021

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүндү. Анын 500 миллион сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат. Калган 200 миллион сому талкаланып, өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда зыяндын көлөмүн эсептөө үчүн атайын комиссия иш алып барууда.

«Чек ара маселесин чечүү оңой эмес. Ага көп жылдык тажрыйба далил. Бирок кыйынчылыктарга карабастан, өлкө жетекчилиги мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине чекит коюуга ниеттенүүдө. Ал маселе чечилгенге чейин талкаланган объектилерди калыбына келтирип, тынч жашоого кайтуубуз зарыл»,- деди премьер-министр.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда.

Ошондой эле Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында жаңы мектеп курулат. Ак-Сай - Рават, Кулунду – Максат - Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жүзгө жакын имарат талкаланып, өрттөлдү.

Бул турак жайларды кыргыз өкмөтү өзү калыбына келтирерин Максат айылында эл менен жолугушуу учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ал “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып, өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүүнү Тажикстандан талап кылбай турганын билдирген.

Куралдуу кагылышта набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG