Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Ош шаарында регби боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды


Ош шаарында регби боюнча эл аралык мелдеште Казакстандын курама командасы жеңүүчү болду. 2-3-майда өткөн турнирге беш команда катышты.

Алар: Казакстандын Нурсултан жана Алматы шаарлары, Өзбекстандын курама командасы жана Кыргызстандан эки команда болду.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Казакстандын Нурсултан шаары алса, 2-орунду да Алматы шаарынын командасы илип кетти. Ал эми 3-орунду Өзбекстандын курама командасы ээлеп, кыргызстандык спортчулар байгелүү орунга илинбей калышты.

Мелдешти Ош шаардык спорт комитети Кыргызстандын Регби федерациясы менен чогуу уюштурган. Эл аралык регби мелдеши Ош шаарында биринчи жолу өткөрүлдү. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG