Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Армениянын Улуттук жыйыны Пашинянды премьерликке шайлаган жок


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениянын Улуттук жыйынында Никол Пашиняндын талапкерлигин премьер-министрликке шайлоо учурунда ага бир депутат "макул", үч депутат "каршы" добуш берди, ал эми 75 эл өкүлү такыр эле добуш берген эмес.

Армениянын Конституциясына ылайык, мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн премьер-министрдин талапкерлиги үчүн Улуттук жыйындын депутаттары добуш берет.

Буга чейин кызматтан кеткенин жарыялаган Никол Пашинян премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп калган.

Анын талапкерлиги парламенттеги “Менин кадамым” фракциясы тарабынан көрсөтүлдү. Бирок фракция лидери Лилит Макунц шайлоонун алдында алар добуш берүүдөн кармана тургандыгын жарыялаган.

25-апрелде Никол Пашинян мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоого байланыштуу премьер-министрликтен кетерин жарыялаган.

Армениянын Баш мыйзамынын талабы боюнча премьер-министр катары менен эки ирет шайланбай калганда гана парламент тарайт.

Никол Пашинян эрежени сактоо үчүн талапкерлигин эки жолу көрсөтүүгө каршы эмес экенин билдирген.

Парламенттеги эки оппозициялык фракция өз талапкерлерин көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG