Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Өтмөк ашуусунда сел жүрүп, кошумча күч тартылды  


Өтмөк ашуусу. 03.05.2021.
Өтмөк ашуусу. 03.05.2021.

3-майда Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 11-чакырымында (Өтмөк ашуусунда) сел жүрдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-май күнү саат 19:30 чамасында жол жээгинде суу көбөйүп сел жүргөн. Учурда жол бир тараптуу ачык. Жол тейлөө ишканасынын эки оор техникасы тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-3-май күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар экенин эскерткен. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG