Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Активист Өндүрүш Токтонасыров пикет өткөрүп, БУУга кайрылды


Токтонасыров көтөрүп чыккан плакат.
Токтонасыров көтөрүп чыккан плакат.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кырыз-тажик чек арасындагы кырдаалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында пикетке чыкты.

Ал 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында акция өткөрүп, Кыргызстандын айылдарына Тажикстан кол салганы жазылган плакат көтөрүп турду.

Токтонасыров окуядан бери бир жумадай убакыт өтсө да БУУ тарабынан реакция болбой жатканына нааразылык билдирди. Ал өтүнүчү жазылган катты БУУ өкүлчүлүгүнө тапшырып кетти. Ушундай эле пикетти 4-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында уюштурмакчы.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 36ке жетип, 183 киши жараат алды. Арасында 5 жана 13 жаштагы балдар бар. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктардын так саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Исфара районундагы Кожалы (Хожа Аъло) жана Сомониён айылдарында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчирлери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги минометтен атылган октон кыргызстандыктар каза болгонун билдирип, тергөө башталганын маалымдаган.(SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG