Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

Садыр Жапаров Катардын эмири менен алаканы өнүктүрүүнү талкуулады


2019-жылы кыргызстандык өндүрүшчү компаниялар Дохадагы жармаңкеге катышкан.

Президент Садыр Жапаров Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефондон сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматы анда эки өлкөнүн алака-катышы тууралуу пикир алышканын кабарлады.

Сүйлөшүүдө "жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү" деп айтылат.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелерди ортого салышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG