Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Жогорку сот Равшан Сабировдун ишин кайра кароого жөнөттү


Равшан Сабиров президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп быйыл февраль айында дайындалган.
Равшан Сабиров президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп быйыл февраль айында дайындалган.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүгүралиева "Азаттыкка" билдиргендей, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун адвокаты жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти апелляциялык кароого жөнөтүү тууралуу 20-апрелде арыз жазган. Арыз прокурорлордун кортундусунун негизинде берилген. Мындан улам Жогорку сот Сабировго карата буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарды.

Равшан Сабиров 2011-жылдын аягында социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Жарым жылдан кийин, 2012-жылдын июль айында "пара талап кылган" деген айып менен камалган.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы мартта экс-министрди күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Сабиров 2014-жылы амнистия менен абактан чыккан.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин ал вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG