Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:01

Майыптыгы бар адамдар иш таба албай кыйналды


Женя Шабунин.

Коронавирус пандемиясы майыптагы бар адамдардын жашоосун да оорлотту. Кымбатчылык кыйнап жаткан учурда угуусу начар адамдар иш таппай кыйналууда.

Программист болом деп баристага айланган Женя

24 жаштагы Женя Шабунин Бишкектеги "Ололо" борборунда кофекана иштетет. Анын кулагы начар угат. Маектешинин сөзүн оозунун кыймылынан окуп түшүнөт. Пандемия башталгандан бери беткап кийген маектештерин жакшы түшүнө албай жатканын айтты:

"Беткап тагынып турганда түшүнүү кыйын. Айрым адамдар "кулагым жакшы укпайт" десем түшүнбөй, катуу кыйкырып сүйлөшөт. Мен аларды баары бир укпайм да. Маектешимдин сөзүн эриндеринен окуп түшүнөм. Кээде өздөрүнчө "бул жигиттин кулагы укпайт турбайбы" деп шыбырашып сүйлөшкөнүн да эриндеринен окуп, күлүп калам".

Женя угуусу начар балдардын атайын мектебин аяктаган соң программист болуу үчүн технологиялык колледжде окуган. Окуу жайда лекцияны көчүрүп жазганы эле болбосо, компьютердин тилин толук өздөштүрүүгө жетишпегенин айтып отурду.

"Атайын мектепте үч багыт боюнча иштөөгө үйрөтөт. Тигүүчүлүккө, машина оңдоого жана кара жумуш жасоого. Мен үчөөнө тең баргым келбей, программист болуу үчүн технологиялык колледжге тапшырдым. Үч жыл окуп, диплом алганым менен компьютердин тилин билбей чыктым. Анткени окуу жайда мендей угуусу начар адамдар үчүн шарт жок эле. Бизге лекцияларды жаныбыздагы студенттерден көчүрүп алып, окуп чыккыла деп коюшчу. Ошентип, аягында дипломум болгону менен программа жазуу жагынан такыр түшүнүгүм жок окууну бүттүм. Ыңгайлуу жумуш таба албай жүдөдүм. Менин бир тууган эжем дудук. Ал типографияда иштечү. Аргасыз ошол эжем менен чогуу иштеп калдым. Иш оор болгону менен айлык аз болчу".

Типографияда иштеп жүргөндө Женя "ADRA-Кыргызстан" гуманитардык агенттиги аркылуу кофе кайнатканды үйрөнгөн. Ушул эле агенттиктин жардамы менен "Ололо" чыгармачылык борборуна кофекана ачкан. Бүгүн ал өзүнүн туруктуу кардарлары бар бариста экенин айтып отурду:

"Алгач иштей баштаганда түнт болчумун. Эч ким менен сүйлөшпөй, өз ишимди жасай берчү элем. Адамдарга сүйлөгөндөн жалтанчумун. Бул жердеги жетекчи мени күн сайын адамдар менен саламдашып, жылуу мамиле жасоого, алар менен достошууга үйрөттү. Башында мен даяр кофени кайнак сууга кошуп эле даярдаганды билсем, азыр машинанын жардамы менен кофенин түрүн, сэндвич жасай алам. Кардарларыма мен жасаган кофе менен сэндвичтер жагат. Үч жылдан бери кардарларымдын баары мени таанып калышты. Кээде шаардан жолугуп калганда учурашып калышат".

Сулуулагыч Жыпара

32 жаштагы Жыпара Бишкектеги сулуулук салондорунун биринде иштейт. Жыпара бул жерге 23 жашында үйрөнчүк болуп кирген. Учурда ал каш чиет, кирпик чаптап, кыз-келиндердин бетине макияж жасайт. Жыпара менен кардарлары көбүнчө салондо чогуу иштеген кыздар аркылуу сүйлөшөт.

"Жыпаранын кулагы укпайт, сүйлөй албайт. Ага кардарлар менен иштөөгө биз жардамдашабыз. Жетекчибиз - Динара Молдалиева дайыма колдоп, жардам берип турат. Айлык акысын да башкаларга караганда көбүрөөк төлөп берет. Кашы-көзүн боётуп, сулууланганы келген айымдар кээде каалагандай натыйжага ээ боло албай калса, аны да түшүндүрүп коёбуз. Өзүнүн көп жылдан бери келип жүргөн кардарлары бар. Алар Жыпараны мыкты түшүнүшөт", - деди Жыпаранын кесиптеши Жанара..

Кесиптешинин айтымында, Жыпара сулуулагыч болуп иштегенден тышкары спорт менен машыгат. Угуусу начар адамдардын арасындагы шахмат чемпионатында 1-орунга жетишкен.

Пандемия майыптарга оор болууда

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда угуусу жана сүйлөөсү начар адамдардын саны 5 миңден ашат. Алардын ичинен 2 миңге жакыны Бишкекте турат. Угуусу начар адамдар менен иштеген "ADRA-Кыргызстан" гуманитардык уюму аларды укуктук сабаттуулукка, ишкерлик кылууга окутуп, ишке орношууга жардам берет.

Аталган уюмдун өкүлү Галина Ан пандемия шартында майыптыгы бар адамдардын жашоосу кыйындап, өзгөчө жумуш табуу оор болуп жатканын айтты:

"Беткап тагынганда булар бири-бири менен сүйлөшүүдөн, баарлашуудан кыйналышат. Анткени булардын жаңсап сүйлөгөн тилинде көпчүлүк тамгалар ооз, эринге байланыштуу. Арасында кулагы укпаганы менен маектешинин сөзүн анын эриндеринен окуп, түшүнгөндөрү бар. Алар үчүн коммуникация - баарлашуу башкы орунда. Булар ооруп калса "Тез жардам" чакыра алышпайт, оорусу тууралуу дарыгерлерге түшүндүрүүдө кыйналышат".

Галина Ан майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу мамлекеттин милдети экенин белгиледи.

"Биз өзүбүздүн уюм аркылуу бир катар ишкерлер менен буларды жумушка орноштуруу боюнча келишимдерди түзгөн элек. Бирок алардын көпчүлүгү азыркы кырдаалдан улам келишимден баш тартышты. Анткени, алардын өздөрүнө оор болуп жатат. Ошондуктан, мындай адамдарды иш менен камсыз кылууну мамлекет колго алышы керек. Биз буларга түрдүү тренингдерди өтөбүз. Жумуш булар үчүн - күнүмдүк нан, үй-бүлөсүн багуу үчүн негизги каржы булагы. Угуусу начар адамдар 3-топтогу майып болгону менен аларга мамлекет жеңилдиктерди берген эмес. Ошондуктан, жок дегенде иштөө үчүн шарт түзүп бериш керек. Айрым өнүккөн өлкөлөрдө иш орундары биринчи кезекте майыптыгы бар адамдарга берилет".

Союз мезгилинде майыптыгы бар адамдар үчүн атайын ыңгайлаштырылган завод-фабрикалар иштеп, алар жумуш менен камсыздалчу. Эгемендик жылдары айрым муниципалдык чакан ишканалар гана калбаса, андай адистештирилген мекемелер четинен банкрот болуп жатып жок болгон.

Акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда жеке ишкерлер майыптыгы бар адамдарды ишке алып, аларды жумуш менен камсыз кылууга өтүштү. Алардын ичинде дээрлик бардык кызматкерлери майыптыгы бар адамдардан турган "Соломон" кафеси да бар.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар. Алардын 29 миңден ашууну балдар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG