Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

"Майып кыздарга үлгү болгум келет"


Гүлзана Жаркынбаева.
Гүлзана Жаркынбаева.

Соцтармактар аркылуу майып адамдарга дем берип келген Гүлзана Жаркынбаева Орусияга дарыланганы кетти. Ал Интернетте майып кыздарды тарткан фотосессиялары менен белгилүү.

"Мен басам!" жана "Мен бактылуумун!" - бул Гүлзана Жаркынбаеванын жашоодогу ураандары. Ал биринчи топтогу майыптыгына, эки буту баспай коляскада отуруп калганына карабай өзүн эч нерседен чектебей жашаганга аракет кылат:

Гүлзана Жаркынбаева.
Гүлзана Жаркынбаева.

- Мен басам. Бул менин үмүтүм, Кудайдын жардамы менен турам, басам! Мен өзүм жакшы нерселерге көп ишенем. Мага "сиз азаматсыз, аябай күчтүүсүз" деп көп жазышат. Алар "баспай жүрүп деле күлүп-жайнап, бактылуу жашап жүрөсүз" деп таң калышат. Менимче, Кудай бизге көп жакшылыктарды берген. Ошондуктан биз ыраазы болуп жашашыбыз керек. Мени көрүп, алты саны аман, басып жүргөн адамдар өзүн бактылуу сезиши керек деп эсептейм. Ал эми мен сыяктуу коляскада отурган кыздар уялып, эшикке чыкпай үйүндө отурушат. Аларга үлгү болгум келет. Мени карап, жашоо керемет экенин билишсе деп ниеттенем.

Гүлзана Жаркынбаева 40 жашта. Аны үч жыл мурда Алматы-Бишкек жолунда кырсык тооруп, эки бутунан ажыраткан.

​- Алматыда иштеп, "Бишкектен үй алам" деп аракет кылгам. Бирок 2015-жылы 30-ноябрда Бишкекке баратканда жол кырсыгына учурадым. Айдоочу ошол замат мүрт кетти. Мени Казакстандын аскердик ооруканасына алып кетишип, биринчи жардам беришти. Омурткам, жети кабыргам сынып, өпкөмө кирип кеткен, дагы бир бутум сынган. Бирок Кудай мени сактады деп ойлойм. Эки жарым жылдан бери баспайм, төштөн ылдый сезим жок, тиштесеңер же ийне сайсаңар да сезбейм. "Бул азырынча гана" деп өзүмдү сооротом. Биринчи топтогу майыпмын, омурткамда конструкция бар, ал операцияны Бишкекте жасашкан. Мага жардам берген дарыгерлердин баарына ыраазычылыгымды айтам!

Гүлзана Жаркынбаева Саки шаарында реабилитацияланууда.
Гүлзана Жаркынбаева Саки шаарында реабилитацияланууда.

Гүлзана өзүндө болгон оптимисттик ишенимин бир жылдан бери майыптыгы бар башка кыз-келиндерге бергиси келет. Ал коляскада отурган кыздардын катышуусунда "Биз барбыз" жана "Кыргызстанда гүлдөгөндөр" фото-долбоорун ишке ашырган:

​- Долбоордун максаты - Кыргызстандагы майыптардын жашоосуна элдин көңүлүн буруу. Майыптар үчүн ыңгайлуу жолдордун курулушун, пандустардын коюлушун, биз үчүн коомдук транспорт жана жумуш орундары болушун каалайбыз.

Фото-долбоорлордун жыйынтыгын бир-эки жылдан кийин көргүбүз келет. Алар коляскада отурганына карабай, тилектерин жок дегенде сүрөттөрдө ишке ашырат. Кыздардын көбү модел, артист, бизнес айымы болууну каалашат. Алар менен атайын визажист, кесипкөй сүрөтчүлөр иш алып барды.

Адистер алардын сулуу экенин көрсөтүп, бактылуу көз ирмемдерин сүрөткө түшүрүшөт. Ошондуктан аталышы "Кыргызстанда гүлдөгөндөр" деп аталып, гүлдөрдүн курчоосунда сүрөткө түшөт. Алар сырткы эле эмес, ички да сулуулугун көрсөтүшөт. Ушул долбоорлорду көргөндөр майыптарга көңүл буруп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берет деген үмүтүбүз чоң. Биз барбыз жана көппүз! Cоциалдык тармактардан мындай сүрөттөрүбүздү көрүп, эркек кишилер көп жазышат. Бир кезде аябай көп жазып, таанышкысы келип, бирөө "үйлөнөм" деп чыккан. Мен аларга "менин сүрөттөрүмдүн баарын карап, анан жазгыла" деп айтчумун. Андан кийин эле жок болуп кетишет. Дагы бирөөсү "анда коляскада отурган сүрөтүңдү дароо кой" деп жазган. Бирок күчтүү эркектер бар, менин жан дүйнөмдүн сулуулугун көрүп, сүйүп калат деп ишенем.

Жогорудагы фото-долбоорлор социалдык тармактарда элдин колдоосуна татыган. Гүлзана муну менен эле чектелбей, майып кыз-келиндер үчүн дагы башка иш-чараларды пландап жатыптыр:​

Айгүл, 45 жашта. Фотосессиянын катышуучусу.
Айгүл, 45 жашта. Фотосессиянын катышуучусу.

​- Мен бул долбоордун бир гана негиздөөчүсү, бир гана автору болдум. Мен кайрымдуу, мээримдүү адамдарды таап, аларга чалып оюмду түшүндүрүп, сунуш кылдым. Мунун баары жеке адамдардын жардамы менен ишке ашты. Мен буга чейин Орусиядан майып кыз-келиндердин сулуулук сынагын көрүп, абдан таң калгам. Ошондой сынакты Кыргызстанда жыл сайын өткөргүм келди. Ошондой эле омурткасы сынган адамдар үчүн Ысык-Көлдө реабилитациялык борбор ачкым келет. Кыргызстанда бир да мындай борбор жок.

Гүлзана ушул тапта Орусиянын Саки шаарына 21 жаштагы кызы менен жөнөп кетти. Ал үй-бүлөнүн кем-карчын, дарылануусуна кеткен чыгымды жеткире албай убара:

- Майыптыгым үчүн айына беш миң сом алам. "Жетеби?" деп сурасаңыз "жок" деп жооп берем. Бирок ага деле топук кылам. Мисалы, мага айына бир катетор керек, жөлөкпулдун акчасы ошого эле жетет. Андан сырткары памперс, тамак-ашка акча... Кызым студент, анын окуусуна, кийимине акча керек. Ал эми Кыргызстанда мага ылайык жумуш, шарт да жок. Учурда Крымдагы Саки шаарындамын, аны "коляскалардын шаары" деп аташат экен. Үч жумадан бери машыгып жатам. Жыйынтыктары абдан жакшы. Бизге жардам бергендердин баарына ыраазымын!

Гүлзана Жаркынбаева Кыргызстанга күзүндө келет. Ал фото-долбоордун жыйынтыгын чыгарып, анын катышуучуларын бир аянтка топтосом деп кыялданат. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG