Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 03:25

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) саламаттык укугу боюнча атайын баяндамачысы Дайниус Пурас Кыргызстандагы балдардын психикалык саламаттыгына кам көрүү боюнча изилдөө жүргүзүп, бул багытта адистер жетишпей жатканын аныктады.

"Азаттык": Кыргызстанда балдардын психиатрлары жетишсиз. Айрыкча психологиялык кыйынчылыкты баштан кечирип жаткан наристелерге кам көрүү, аларды коомго аралаштыруу кыйын маселе. Бул акыбалдан чыгыш үчүн эмне кылыш керек?

Дайниус Пурас: Биринчиден, балдарга жардам берүүчү адистерден турган пилоттук борболорду уюштуруш керек. Себеби психикалык жактан жабыркаган бала менен жалаң эле дарыгер эмес, психолог, социалдык кызматкер, педагог сыяктуу адистер чогуу иш алып барышы зарыл.

Психикалык жардамга муктаж балдар ар түрдүү категорияда болот. Айрымдары абдан оор, кээ бири жөн эле ашыкча ойноок, көңүл буруусу начарлар, аутисттер да чыгат. Ошондуктан алардын ар бирине жеке өзгөчөлүгүн эске алып жардам берген адистер болгону жакшы.

Алгач мындай борборлорду Бишкекте көбөйтүп, андан кийин акырындап аймактарда ошондой кызматтар түзүлүшү керек. Албетте бул ишти баштоо аябай оор. Себеби буга каржылык маселелер тоскоолдук кылат. Азыр медицинада хирургия, кардиология сыяктуу тармактар биринчи планга чыгып, балдардын психиатриясы ар дайым артта калууда. "Мындай балдардын эмнесин дарыламак элек, кереги жок" деп коомдон бөлүп коюшууда. Бул туура эмес. Биринчи кезекте коомго жана саясатчыларга психикалык жактан жабыркаган балдарга жардам керек экенин үйрөтүү зарыл.

Жеке эле дары менен эмес, сөз аркылуу, тарбия жана кам көрүү менен мындай балдардын акыбалын жакшыртса болот. Албетте, алар рак же дагы башка ооруга чалдыккандар эмес. Аутизмди "оору" деп азыр жаңылып жатасыздар. Аутизм же психикалык майыптык менен төрөлгөн бала коомдо өмүр бою кала турган биз сыяктуу эле жаран. Андыктан ага ар тараптан кам көрүү - заман талабы.

Өз конушун балдар үйүнө айландыргандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:26 0:00

"Азаттык": Бирок Кыргызстанда аутизмди же психикалык жабыркоону дарыгерлер өздөрү оору катары кабыл алып, ар түрдүү дары-дармектерди жазып берип жатышпайбы? Мындай ыкма туура эмеспи?

Дайниус Пурас: Аутизм - оору эмес, баланын өнүгүшүнүн бузулушу. Оору катары кабылдашса анда ага дары эле берип айыктырууга умтула беришет. Ар түрдүү дары берүү баланын организмине зыян тийгизбей койбойт. Маселен, мен аябай күчтүү дарыларды ичип, электр тогун алган балдарды жолуктургам. Алардын акыбалы мындай медициналык кийлигишүүдөн оңолуп кетпей эле, кайра кыйналганын көрдүм. Ата-эне баласын аутизмден кандай гана жол менен болбосун арылткысы келет. Бирок алардын аракетинен баланын акыбалы оорлойт.

"Азаттык": Постсоветтик өлкөлөрдө негедир балдардын психиатриясы, психикалык саламаттыгы ар дайым арткы планда келген. Бирок сиз эл аралык эксперт катары дал ушул мамлекеттердин ичинен оор кырдаалдан чыга алган өлкөлөрдү билесизби? Жеткинчектердин психологиясына өзгөчө кам көргөн кайсы өлкөнү мисал келтире аласыз?

Дайниус Пурас: Мурдагы советтик өлкөлөрдүн дээрлик баарында азыр пилоттук борборлор ачылууда. Бирок, тилекке каршы, бир өлкөдө психикалык жактан жабыркаган балага кам көрүүчү телегейи тегиз система иштей элек. Мындай кырдаалда пилоттук борборлорго жакын жашаган балдар жардам алганы менен аймактардагы жеткинчектер четте калууда.

Мага "Бишкекте ата-энелердин күчү менен ачылган аутизм борбору бар" деп айтышкан. Бирок бул Кыргызстандагы жалгыз жай болгондуктан, кезекте тургандар аябай көп экен. Жоктон көрө жогору деңизчи, бирок жыл сайын, күн сайын бул сыяктуу борборлорду көбөйтүү маселесин көтөрүш керек. Албетте, жакшы тажрыйбалар бар. Маселен мен өзүм литвалыкмын. Бизде деле бир нече жакшы борбор бар. Бирок ата-энелер менен сүйлөшө келгенде "кам көрүү жетишсиз" деп нааразы болгонун эле угасыз. Болбосо биз бул тармакта 15 жылдан ашуун реабилитация жайларды көбөйтүп иштеп келатабыз.

Аутизм боюнча адистер аз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

"Азаттык": Сиздин кесибиңиз балдар психиатры экен. Кыргызстанда акыл-эсинен жабыркаган баласын психиатрга көрсөтүү, анын мектепке барышы да чоң көйгөй. Адистер адатта мындай балдарды жалпы мектепке эмес, атайын майыптар үчүн окуу жайларына бөлүшөт. Бул баланын укугун бузуу эмеспи? Кантип инклюзия системасын киргизсе болот?

Дайниус Пурас: Тилекке каршы, атайын мектептер Литвада деле бар. Акыл-эси кем деп эсептелген балдар кадыресе жеткинчектерден бөлүнүп калышууда. Бирок эл аралык саламаттык сактоо боюнча нускамалардын баарында психикалык жактан жабыркаган балдар жалпы бала бакчаларда жана окуу жайларында инклюзивдик негизде окушу керек экендиги айтылат. Бирок эгер инклюзивдик билим берүү системасын киргизсек, анда билим берүүгө инвестиция жумшоо зарыл. Маселен, бир класста бир акыл-эси кем бала болсо, класс жетекчи мугалимге жардамчы педагог кошулуп, ал балага өзгөчө кам көрүлөт. Болбосо мугалим да, баланын классташтары да, бала өзү да кошумча жардамсыз мектепте кыйналып калышы ыктымал. Жөн эле "инклюзияга өтүш керек" деп, сөз түрүндө "ураалап" кабыл алып коюу туура эмес.

Системаны каржылап, тийиштүү адистерди окутуп, анан бул иштин пайдубалын бекем түптөшүңөр керек. Эгер пайдубал болбосо инклюзияны баштабай эле койгон оң. Маселен, мен "Кыргызстандагы Беловодский сыяктуу психоневрологиялык интернаттарды жапкыла" деп сунуш кыла албайм. Бирок эгер мындай жайлар таптакыр жоюлуп, андагы балдар толук инклюзия менен жашаса анда мыкты болмок. Бул үчүн бала төрөлгөндөн үч жашка чейин жана үч жаштан беш жашка чейин анын өнүгүшүн көзөмөлдөгөн адистер жетиштүү болуп, кайсы бир маселе чыкса дароо кийлигишип, ата-энеге колдоо көрсөтүү менен гана майып балдар үчүн интернаттарды азайтса болот.

Петербургда "эрте жаштан өнүгүүгө кийлигишүү" деген мыкты кызмат бар. Ушул сыяктуу кызматтардын иши кеңейип, айрыкча майып бала төрөлгөн үй-бүлөдөн колдоо да күчтүү болсо жакшы.

"Аутизм оору эмес"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

"Азаттык": Ата-энелер демекчи, баласынын майып экенин билгенде кээ бир аталар муну көтөрө албай, үй-бүлөдөн да кетип жатпайбы?

Дайниус Пурас: Ооба, көбүнчө аталар ушундай сыноого туруштук бере алышпайт. Майып бала үй-бүлөнүн бекемдигин сынайт. Кээ бир жубайлар баласына камкор болуп, үй-бүлөсү бекемделсе, айрымдары туруштук бере албай ажырашып тынышат. Чындыгында алсыз адамдар баласынан баш тартып, анын майыптыгына энесин күнөөлөп, үйдөн кетип калат. Баланын майыптыгына эч кимдин күнөөсү жок. Бул лотерея сыяктуу. Ар бир үй-бүлөнүн башына ушундай иш түшүшү ыктымал.

Ошондуктан андай баланын атасы же энеси кетип калбаса да, баары бир коом тарабынан адистик колдоого, жардамга муктаж. Маселен, Литвада майып баласы менен деле бактылуу жашаган көп үй-бүлөнү билем. Алар бул сыноодон татыктуу өтүп, айрым дарыгерлердин "балаң киши болбойт, интернатка өткөрүп сал да, дени сак дагы бала төрөп ал" деген сыяктуу кысымдарына карабай баласынан баш тартышкан эмес. Биз дарыгерлер менен "ушул сыяктуу сөздөрдү ата-энеге айтпагыла" деп иш алып баруудабыз. Коом менен мамлекеттин бул кырдаалдагы ролу - үй-бүлөгө жолтоо болбой, кайра жардам берип, колдоо көрсөтүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG